Өткөн жумада Ашхабаддагы базарларда бир тандыр нандын баасы 1 манаттан кымбат болбошу керектиги жазылган жарыялар пайда болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.
«Ал жарыяларда аткаминердин кол тамгасы менен мөөрү турат. Алар чапталгандан кийин базар жетекчилиги менен калаа бийлиги эгер нан 1 манаттан кымбат сатылса, базардагы орундарыбыздан ажырап, 400 манат (114 доллар) айыппул төлөй турганыбызды эскертишкен», — деди соодагерлердин бири.
Адатта Ашхабад базарларында 500 граммдык нан 3 манат, сүт кошулуп жуурулган камырдан жасалганы 5 манат турат. Сатуучулардын айтымдарында, нанды 1 манаттан сатуу алар үчүн чыгашалуу болуп калат.
«Азыр түркмөн өндүрүшүндөгү унду табуу өтө кыйын. Килограммын 2 манаттан тапкан күндө да жалаң түркмөн уну менен нан жаба албайбыз. Анткени ал кара болуп, эч ким албай коёт. Ошондуктан камырга чет өлкөдөн келген унду кошобуз. Орусиядан келген ундун бир килограммы 12 манат. Мындан тышкары биз базардагы орундун ар бир чарчы метри үчүн күнүнө үч манаттан төлөйбүз. Ошентип, биз үчүн бул иш чыгашалуу болуп калууда», — деди нан саткан соодагерлердин бири.
Анын айтымында, баалар жазылып турганы менен сатып алуучулар түшүнүү менен мамиле кылып, бир нан үчүн 5 манаттан таштап кетип жатышат. Бирок ошол эле маалда нанды 1 манаттан сатып алууну каалагандар да жок эмес. «Эгер сатуучу каршылык билдирсе, алар дароо базар жетекчилигине даттана башташат», — деди ал.
Басылманын маалыматына караганда, нандын баасын төмөндөтүү талабынан улам Ашхабад базарларындагы нан саткан текчелердин көбү бош болуп калды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ