Menu

Исхак Масалиев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Конституциялык палатанын бир топ чечимдери мен үчүн түшүнүксүз”

Бөлүшүү:

– Исхак Абсаматович, экс-президенттен кол тийбестикти алып салуу жөнүндөгү мыйзам долбооруңуздан эмне үчүн баш тарттыңыз?

– Силер туура эмес түшүнүпсүңөр. Мен баш тартам деп айткан жокмун. Колдобойм дедим.

– Ошонун өзү көптөгөн суроолорду туудуруп жатат. Өзүңүз долбоордун авторлорунун бири болсоңуз, анан өз долбооруңузду колдобосоңуз…

– Мен өзүмдүн долбоорумду колдойм, ал эми башка бир депутаттын сунушун колдобойм. «Мыйзамдын 12-пунктун башкача жазабыз» деген депутат Тиллаевдин сунушуна
каршымын. Ошондой болот да. Же мен автор катары унчукпай эле макул болушум керекпи? Менин сунушум беренелер боюнча өзүнчө коюлушу керек. Билбейм… Бул жерде кызык болуп атат да, мурда автордун мыйзамды кайра чакырууга укугу болчу эле. Бирок, бизде Жогорку Кеңештен биринчи окуудан кабыл алынгандан кийин демилгечилер автор болбой калат. Комитет башкарат. Биз кайра чакырта албайбыз.

– Сиз «Конституциялык палата ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып баратат, аларды парламентте караш керек» дедиңиз. Эмне үчүн антип ойлойсуз?

– Алардын чечимдерин анализ кылып, ойлонушубуз керек деген мааниде айттым. «Текшериш керек» деп айткан жокмун. Алар мага «парламент текшере албайт» деп ачууланып жооп беришиптир. Алардын чечимдерин биз ортого салып талкуулап, кандайдыр бир жол-жобосун иштеп чыгышыбыз керек да. Конституциялык палатанын бир топ чечимдери мен үчүн түшүнүксүз. Жөнөкөй суроо берсе, алар беш барак жооп жазып, «тигиндей кылыш керек, мындай кылыш керек» дешет. Андай укугу жок. Алар мыйзам чыгаруучу орган эмес да. «Конституцияга дал келеби, же келбейби? Эмне себептен дал келет, эмне себептен дал келбейт?» деп гана айта алат. Кандай жол менен чечилишинин жол-жобосун көрсөтө албайт.

– «Экс-президентке мурдагыдан да көбүрөөк укук берилип калып атат» дебедиңизби. Тиллаевдин сунушунан кийин элеби?

– Азыр мыйзамда жөн эле «кол тийбестикке ээ» деп жазылып турса, аны кеңейтип,
мыйзамсыз норманы мыйзам чегине чыгарып атат. Маселени көпчүлүк менен киргизип, депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен макулдук беришибиз керек. Ошондо ал экс-президент макамынан ажырап, жоопкерчиликке тартылат.

– Бирок, бир эле депутаттын сунушу менен мыйзам долбоору кабыл алынып калбайт да?

– Кабыл алынат. Мен көрүп турам. Комитет макулдук берди да. Азыр сессияга чыгып атат. Мен сезип атам, депутаттардын көпчүлүгү добуш берет, мыйзам өтөт.

– Анда сиз ойлогондой болбоптур да?

– Мен каалагандай болгон жок. Бирок, мен ушундай болот деп ойлогом, чынын айтканда. Конституциялык палата бекер жазган эмес да.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: