Menu

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: “ТВЕАнын гранттык каражатына салынган мектеп өтө кымбат курулган, ага жумшалган каражатка 3 мектеп курса болот”

Бөлүшүү:
Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Тазабек Икрамов кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан Бишкек шаарындагы жаӊы мектептин имаратынын курулушуна 2 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнгөнүн эске салып, ал боюнча козголгон кылмыш ишинин азыркы абалына кызыкты. Бул тууралуу Жогоку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, мектептин имаратынын курулушуна 2 млн доллардан тышкары, бюджеттен кошумча 104 млн сом каражат каралганын белгиледи. «Бул мектептин имаратын курууда курулуш талаптары сакталган эмес. Мектеп өтө кымбат курулган, ага жумшалган каражатка 3 мектеп курса болот. Келишим боюнча гранттык каражатка 2 мектеп курулмак болсо, бир гана мектеп курулуп калган. Дегеле, мында мыйзам талаптары таптакыр сакталган эмес», – деди ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: