Menu

Акылбек Жапаров, “Бир бол” фракциясынан ЖК депутаты: “Экс-президент “саясатка аралашам” десе, кепилдигинен баш тартсын”

Бөлүшүү:

– Акылбек мырза, экс-президенттердин саясатка аралашуусуна бөгөт коюу боюнча сунушуңузду негиздеп берсеңиз?

– Бул тагдырбы, же тагдырдын тамашасыбы, бүгүн эки президентибиз Кыргызстандын ичинде эмес. Ал эми экөө өлкөнүн ичинде жүрөт. Экс-президенттер жөнүндө кепилдиктер бар, алар кайсылар? Резиденцияда дачасы, машинасы, күзөтү бар, медициналык жактан камсыздандырып беребиз. Айтор, мурунку президенттиндей эле шарттары бар десек жаңылбайбыз. Бирок, ушулар кайра саясатка кирбесе экен деген оюм бар. Конституцияда президент болгондон кийин өзүнүн саясый ишмердигин токтотот деп жазылып турат. Мен «экс-президент болгондон кийин да токтотсун» деп атам. Эгер өз ыктыяры менен «мен саясатка аралашам, саясый партияны башкарам, шайлоого катышам» десе, анда кадимки эле Кыргызстандын бир жараны катары бүт кепилдиги, анын ичинде кол тийбестиги да алынсын деп атам. Өзү тандасын. Эгер саясатты тандаса, анда артыкчылыктарынын баарынан кол жууйт. Бүгүнкү күндө экс-президент президент кезде канча айлык алса, ошонун 75 пайызын алып атат. Кудай буюруп, пенсияга чыкса, анын дагы 75 пайызы кошулат. Азыркы иштеп аткан президентке караганда да көп алышы мүмкүн. Анан биз аларга эбегейсиз кепилдиктерди берип атсак, алар, келип алып кайра саясатка аралашам дегени туура эмес го. Аралашам десе, жанагы кепилдигинин баарынан баш тартсын. Мен тандоону экс-президенттердин өзүнө коюп атам. Саясатка аралашам десең, жанагындай. Аралашпайсыңбы, анда элдин берген акчасын алып, илим менен шугулданып, гитара ойноп жүрө бер.

– Логикалык жактан туура эле.

– Албетте, туура да. Америкада 2017-жылы катуу ураган болгондо кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, сценага 7 президент чыкты. 30 млн. доллар чогултушту. Ошол жети президент жети партия түзүп алса, Американын ит акмагы чыкпайт беле?! Клинтон эки жолу президент болду, азыр лекция окуп, саксофон ойноп жүрөт. Аялы тың экен, шайлоого чыкты. Биздикилерге да ошону айтып атабыз. «Иштедиңер, жасайм дегендин баарын жасадыңар, эми калгандарга да мүмкүнчүлүк бергиле да» деп, туурабы?

– Бул сунушуңуз өтөөрүнө канчалык шанс бар?

-100 пайыз өтөт го деп ойлоп атам.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: