Menu

Булак: Өзбекстан атайын кызматынын мурдагы башчысы камакка алынып, сурак берүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаевдин бөгөт чарасы каралып, аны бир айга камакка алуу чечими кабыл алынды.

«Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Пара алуу» жана «Пара берүү» беренелери боюнча айыпталып жаткан атайын кызматтын мурдагы башчысы учурда УККнын тергөө абагында сурак берүүдө.

Буга чейин айрым өзбек ЖМКлары өлкөнүн атайын кызматын бир жылдан ашык башкарган Ихтиёр Абдуллаев быйыл 8-февралда кызматтан алынганын билдиришкен. Анда анын акыркы жылдары омуртка тутумунун бел жана моюн бөлүгүнө эки жолу, ошондой эле көзүнө бир жолу операция жасатканы кабарланган.

УКК офицерлеринин билдиришинче, Абдуллаевге каршы анын мурдагы кеңешчиси Алишер Эшанхажаев көрсөтмө берип, кылмыш иши козголгонун билдиришкен.Алардын айтымдарында, Эшанхажаев учурда укук коргоо органдарынын тергөө абагында камакта жатат.

Өзбек аткаминерлеринин бири Ихтиёр Абдуллаев кол алдындагы ондогон кызматкерге кылмыш иши козголуп, камалгандан кийин кызматтан алынганын билдирди.

Өкмөткө жакын булактын маалыматына караганда, 10-11-февраль күндөрү Өзбекстанда УККнын жүзгө жакын кызматкерине каршы кылмыш иштери козголуп, бардыгы камакка алынган.

Ихтиёр Абдуллаев атайын кызмат президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн телефондорун тыңшап келгендиги белгилүү болгондон кийин Мирзиёевдин «каарына калганы» айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: