Menu

Бишкек ЖЭБинин модернизациясы: айыпталуучулардын жашырылган мүлктөрү табылган жок

Бөлүшүү:

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук боюнча айыпталып жаткан жарандардын коррупция фактысын далилдеген акчалары же мүлктөрү табылган жок. Бул тууралуу бүгүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Айыпталуучулардын башка бирөөлөргө жазылган же офшордук аймактарда мүлкү бары-жогун, банк эсептерин текшерүү боюнча иштер жүрүп жатат. Эгер табылса аларга карата мыйзамсыз баюу, кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштыруу беренелери менен жаңы кылмыш иштери козголот», — деди башкы прокурор.

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде болгон авариядан кийин үч кылмыш иши козголгон. Алардын бири ЖЭБди модернизациялай турган компанияны тандоодогу коррупция фактысына байланыштуу. Бул иште башкы айыпталуучу катары президенттин мурдагы аппарат башчысы, экс-премьер-министр Сапар Исаков өтүүдө. Анын иши боюнча сот отуруму 19-февралда Бишкектин Свердлов районунда башталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: