Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаалардын мамлекеттик номурларын жашырып жаткан айдоочуларды ачыктоо үчүн рейд өткөрүп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Эске салсак, социалдык тармактарда мамлекеттик номурлары баткак менен шыбалган автоунаалардын сүрөттөрү тарап жатат.
Мекемеден белгилешкендей, мындай иш аракеттер жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу болуп саналып, ага эреже бузуулар Кодексинин 127-беренеси боюнча 5 миң сомго чейинки өлчөмдөгү айып пул каралат.
«Жогорку Кеңешке мамлекеттик номурлары жок же өзгөртүлгөн, мамлекеттик номурдарды жашыра же өзгөртө турган жабдуулары бар унаалардын айдоочуларына жоопкерчилик карай турган мыйзам долбоору киргизилди»- деп айтылат маалыматта.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ