Menu

Өкмөт жарык жана жылуулук тарифтерин көтөрүү маселесин караган жок

Бөлүшүү:

Кыргызстандын өкмөтү жарык жана жылуулук тарифтерин жогорулатуу маселесин караган жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Жаңы тарифтик саясат тууралуу маселени депутат Аида Исмаилова көтөрүп чыкты. Анын айтымында, мурунку документ 2017-жылга чейин кабыл алынган.

Отун-энергетика жана жер казнасын колдонуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Миргүл Айдаралиева мекеме жаңы документти иштеп жаткандыгын билдирди. Аталган документ өкмөткө биринчи жарым жылдыкта киргизилиши керек. Ал тарифтерди жогорулатууну карайбы же жокпу, орун басары так жооп берген жок.

Андан сөздү Кубатбек Боронов алып, «Өкмөт тарифтерди көтөрүүнү караган жери жок. Башкы Прокуратуранын сунушу бар, бирок чечим кабыл алына элек», -деп билдирди.

Башкы Прокуратуранын отчетунда ЖЭБ тарабынан чыгарылган электр энергиясынын өз баасы  2,9 сом түзүп, ал 70 тыйындан сатылып жаткандыгы жазылган. Жылуулук борборунун модернизацияланышына коротулган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды төлөш үчүн тарифтерди жогорулатуу керек.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: