Menu

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Бизде эки рак оорусу бар – Транспорт министрлиги $2 млрд, Энергетика министрлиги $2 млрд кредит жеди”

Бөлүшүү:

“Биринчиден, биз Кытай биздин коңшу мамлекет экенин унутпасак, дагы 10 жылдан кийин Кытай дүйнөдөгү биринчи экономика болот. Кредит берген алар күнөөлүү эмес, ал кредитти уурдаган биздин чиновниктер күнөөлүү”, – деп билдирди бүгүн, 14-февралда депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын угуу учурунда.

“Кытай дүйнө жүзүндө экономикасы эң күчтүү өлкө болуп алдыга чыкса, биз ага удаа алга жылышыбыз керек. Кыргыз элин азыр чочулаткан нерсе – бул карызды кантип төлөйбүз деген суроо. Кыргызстан акыркы 28 жылда тыштан 7,6 млрд доллар карыз алган элек, бүгүнкү күнү 4,5 млрд карызыбыз бар, 3 млрд доллар карызды төлөп бердик. Демек биз карызды алганды да, бергенди да үйрөндүк. Бирок, тилекке каршы акыркы 6 жылда эки эң чоң коррупциялык тармактарга – бул Энергетика министрлигине 7,6 млрд доллардын 2 млрд доллары берилди жана Транспорт министрлигине 2 млрд доллар берилди. Ушул эки министрликтин тең бетин ачып, укук коргоо органдарына салып берген, азыркы, эл шайлаган урматтуу президент Сооронбай Шариповичке ракмат айтып коюшубуз керек. Ушул эки жерде, эки министрликте рак оорусу бар болчу. Ушул эки ооруну жок кылмайынча биздин экономика алга жылбайт”, – деди Акылбек Жапаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: