Menu

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “2014-жылы биз АКШнын авиабазасын чыгарганда, Россия бизге берген $2 млрд акчага жардамды ким каякка жумшап жатат?”

Бөлүшүү:

“Бир чоң маселе, 2014-жылы Кыргызстан Американын авиабазасын чыгарганда Россия бизге 2 млрд долларга аскердик-техникалык жардам беребиз деп убада кылган”, – деп билдирди бүгүн, 14-февралда депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын угуу учурунда.

“Ошондо биздин бийлик дароо бюджетке “секретный!” деген “гриф” киргизип, Коргоо министрлигин жоюп, Генштабды түзүшкөн. Биякта да далай нерсенин баары жатат. Бирөө сурадыбы “ушул Россиядан келип жаткан акчаны ким каякка жумшап жатат?” деп. “Кантип жумшап жатат?” деген бир суроо жок. “Тиги кишинин акчасы (колу менен жогору жакты көрсөтүп – ред.), унчукпагыла” деп келатышат. Муну да укук корго органдары кылдат иликтеш керек. Урматтуу Генпрокурор, мурунку президент Атамбаев өзү кол коюп кеткен КР Кылмыш-процессуалдык кодекстин 56-беренесине таянып, сиз өзүңүз чечим кабыл ала алат экенсиз. Биз эки-үч жуманын ичинде экс-президенттин кол тийбестиги тууралу мыйзамды кабыл алып беребиз, ошондуктан мындан аркы чечкиндүү кадамдарды сизден күтөбүз”, – деди депутат Жапаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: