Menu

Акылбек Жапаров: “Кытайга кредит сурап барган биздин жетекчилер “Керек болсо суверенитеттен баш тартабыз, ТЭЦти алгыла, жолду алгыла!” деп өздөрү сунуш кылышкан”

Бөлүшүү:

“Мындан ары Бишкек ТЭЦиндей кыска убакытка – 20 жылга 2% менен кредит албашыбыз керек. Мындай ыңгайсыз кредиттерди алууга өкмөткө тыюу салышыбыз зарыл. Артынан киреше алып келе турган гана кредиттерди алышыбыз зарыл.  Кыргыз элине айтып коюшубуз керек, кытайлар Бишкек ТЭЦине кредитти “ме!” деп эле дароо бере койгон жок”, – деп билдирди бүгүн, 14-февралда депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын угуу учурунда.

“Биздин акча сурап барган жетекчилерге “Экономикаңар иштебесе, тарифти көтөрө албасаңар, анан кантип төлөйсүңөр?” деп сурашса, биздикилер жанталашып, өздөрү: “керек болсо суверенитеттен баш тартабыз! Керек болсо ошол ТЭЦти силер алып башкаргыла! Керек болсо түштүк-түндүк альтернативалуу жолун алып алгыла!” деген ниет менен мына, жанагы 2 млрд доллар алынган. Муну кыргыз элине ачыктан-ачык айтып коюшубуз керек. Мына, генпрокурордун докладында турат “тариф 1 квт 90 тыйын болуп турганда 386 млн эмес, пайыздары менен 492 млн долларды кайтара албайбыз” деп жатат. Муну ошол кредитти алып жаткан бийлик билген эмес беле? Билген!”Менден кийин эмне болсо ошол болсун” деген. Анан ушул карыздарды коркпой эле алган деп элге ачык айтып коюшубуз керек. Биз бул жерде ант бергенде “1 метр жерди да, суверенитетти бербейбиз” деп убада бергенбиз. Ошол антты бузуп, карыз алышкан. Өзүнүн бийлиги менен элдин баарын коркутуп, анан ушундай акча алгандарды ачыкка чыгаргандары үчүн укук коргоо органдары менен урматтуу президенттин саясый эркине баа бериш керек”, – деди депутат Жапаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: