Menu

Түркмөнстанда жумуш издеген жарандар көбөйдү

Бөлүшүү:
Ашхабаддагы бала бакчалардын, мектептердин жана ишканалардын алдында жумуш издеген адамдар көбөйүүдө. Мындан тышкары көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштеринде жумуш издеген жарандардын жарыялары пайда болууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Буга чейин өлкө жетекчилиги билим берүү жана маданият тармактарында жумуш орундарын 15 пайызга кыскартуу буйругун чыгарган. Күн мурун өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов бир нече министрликти бириктирүү жана бир топ мамлекеттик ишканаларды акционердик коом кылып өзгөртүү чечимин кабыл алган.

«Шаардагы дээрлик бардык бала бакчалардын алдынан эртең мененки саат 7-9дарда ондогон аялдарды көрүүгө болот. Алар ата-энелерге балдарын бакчага алып келип, кайра үйүнө жеткирип берүү кызматтарын сунуштап жатышат», — деп жазды басылма.

Акыркы кездери жумуш издегендердин катарына илимдин кандидаттары дагы кошулуп, өз кызматтарын сунуштап жатышканы айтылууда. «Алар мектепте сабак өтүүгө даяр экендиктерин айтып жатышат. Бул тууралуу Мир кичи районундагы мектептердин директорлору айтышты», — деп жазды басылма.

Ошол эле маалда мектептер менен көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштеринде химия, биология, автрономия, физика өңдүү бир катар предменттер боюнча жеке сабактарды өтүү кызматтарын сунуштаган жарыялар көбөйүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: