Menu

Элибиз чоң өзгөрүүлөрдү күтүүдө

Бөлүшүү:

Кийинки убакта коомчулукка Конституцияны өзгөртүү боюнча депутаттар, саясый партиялар, мамлекеттик жооптуу кызматкерлердин иштерине нааразычылыктар айтылып, барган сайын сөздөр көбөйүп жатат. Жазында, жакында боло турган парламенттик, андан кийин президентти шайлоого карата андан да күчөй турганы баарыбызга белгилүү. Элибизди тынчсыздандырып жаткан суроолор бекер чыгып жаткан жок. Бул мүшкүлдөрдүн тамыры терең жерде. Кеп азыркы мамлекеттик түзүлүш, депутаттарды шайлоо, саясый партиялардын орду жана башка өтө орчундуу суроолордо болуп жатат.

Жогорудагы татаал суроолорго жооп издөө мыйзамдын алкагында гана болушу мүмкүн. Ушул максатта биринчи иретте Конституцияга кайрылып көрөлү. Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз (бирден бир) булагы (2-берене). Жөнөкөй сөз менен айтканда, эл мамлекеттик бийликтин башатында турат. Бирок коомубузда орун алган мүшкүлдөр мыйзамдарды кабыл алууда жогорудагы конституциялык укук, талапкерлер эске алынбай жатканында болуп жатат. Мисалы, депутаттарды шайлоонун тартиби боюнча конституциялык мыйзам. Партиялар жөнүндөгү да мыйзамдарда ушул эле кемчилик бар. Эгер ушул мыйзамдарды конституциялык талаптар менен салыштырып талдасак, анда «Алтынчы чакырылыштын депутаттарынын легитимдүүлүгү чоң суроо жаратат» деген макаланын («Азия News», 31.01.2019-ж.) кандайдыр бир деңгээлде туура коюлуп жатканын моюнга албай коё албайбыз. Бул ой-пикирге мыйзамдык баа берүү үчүн “Конституциянын 2-беренесиндеги Кыргызстандын эли өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда жүзөгө ашырат” деген укукка терең көңүл бурушубуз керек. Бул укук орус тилдеги текстте так берилген. Анда «Народ Кыргызстана осуществляет свою власть непосредвенно на выборах» деп турат.

Мисал катары дагы бир мыйзамды карап көрөлү. Бул саясый партиялар жөнүндөгү мыйзам. Конституциянын 4-беренесинде «партиялар жарандардын саясый эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышат» деген гана укуктар көрсөтүлгөн. Элдин депутаттарды шайлоодогу түздөн-түз укугу менен саясый партиялардын буга «көмөгү», «катышуусунун» айырмасы асман менен жердей болуп жатпайбы! Демек, Конституциядагы талап боюнча эл депутаттарды эч ортомчусуз, партияларсыз эле шайлаш керек эле. Бирок азыр тескерисинче, саясый партиялар өздөрү элдин катышуусуз, ар бир болочок депутаттарды тандап, тизмелерине киргизип, анан аларды Жогорку Кеңешке сунуштап жатышпайбы. Жөнөкөй түшүнүк менен айтканда, эл ар бир депутатты шайлабай эле саясый партияларды тандап, шайлап калып жатышат. Шайлоо бюллетендеринде партиялардын аттары гана аталууда. Ошондуктан «ушундай жол менен келген депутаттар канчалык легитимдүү?» деген суроо жаралып жатат. Келечекте мындай шек саноо болбос үчүн, парламентте эл өздөрү тандап, шайлаган татыктуу депутаттар гана болушу үчүн азыртан эле депутаттарды шайлоо тартиби боюнча саясый партиялар жөнүндөгү мыйзамдарды жаңылашыбыз абзел. Бул үчүн жаңы Консгитуцияны кабыл алуу деле муктаждыгы жок. Сөз жогорудагы мыйзамдарды азыркы иштеп жаткан Конституцияга тууралаш жөнүндө гана болуп жатат. Башкача айтканда, Конституциянын 6-беренесиндеги «Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар кабыл алынат» деген талапты ишке ашырыш керек.

Эми «жаңы шайлоо мыйзамы кандай болуш керек?» деген суроого кайрылсак. Бул жерде дүйнөдөгү ар кандай шайлоо системаларына токтолбой эле (макаланын көлөмү буга мүмкүнчүлүк бербейт), анын негизги маңызын эле айтып кетсек жетиштүү болот деп ойлойбуз. Эл ар бир депутатты конституциялык укугу боюнча түздөн-түз өзү шайлап, парламентке татыктуу, патриот, билимдүү, кесипкөй уул-кыздарын алып барыш керек. Саясый партиялар өздөрүнчө орундарды бөлүшүп алып, депутаттарды парламентке, жоошуу мамлекеттик кызматтарга сунуштап келишкени баарыбызга маалым. Партиялык тизмелер боюнча сотко да жеткен талаш-тартыштар болду. Мамлекеттик кызматтарда кандай адамдарды сунушташканы элибизге маалым. Алардын аты-жөнүн айтуунун кажети барбы? Мурда соттолгондорун, азыр соттолуп жаткандарын эле эске түшүрөлүчү. Аларды саясый партиялар сунуштап, парламент бекиткен. Бирок эч кандай жоопкерчилик жок. Эми саясый партиялар жөнүндөгү мыйзамга кыскача кайрылсак.

Эл ичинде эчактан бери «чакан мамлекетибизге эки жүздөн ашык партиялардын эмне кереги бар, 2-5 партиялар эле жетпейби?» деген ой-пикир орун алып келет. Биздин көз карашыбыз боюнча жаңы мыйзамда элдин жогорку ой-пикирлери ишке ашса туура болмок. Мындай жаңылоолор – мамлекеттик түзүлүш, парламентибизди алга карай өнүктүрүү жолдору. Эки мыйзамды тең тез арада иштеп чыгып, шайлоолорго чейин кабыл алуу – мезгил талабы. Ансыз да алга карай өнүгүүдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүбүздү байкабастык, көңүл коштуктан жоготуп алдык. Мурункудай эле «көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» деген турмушубузду улай берүүнү кээ бирөөлөр жактырса керек, бирок жалпы журтубуз каалабайт.

Назаркул Бопоев, профессор

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: