Menu

Дамир Мусакеев “шефине” таянып мыйзамсыз иш-аракеттерге барганбы?

Бөлүшүү:

Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча иш козголуп, Бишкектин Биринчи май райондук соту өлкөдөн чыгууга тыюу салган чечимин чыгарды. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде анын күзөт кызматын жетектеп, эмгиче анын жардамчысы жана жансакчысы болуп келген Дамир Мусакеев УКМКнын №9 же Күзөт кызматын башкарып турганда кызматкерлер үчүн курулган батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп айыпталып жатат.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева ишти саясий өңүткө бурганга аракеттенип: «Белгилей кетчү жагдай – анда бир да кызматтык батир менчиктештирилген эмес. Демек, мамлекет эч кандай материалдык зыян тарткан жок. Ошондуктан биз бул иш саясый өңүттө болуп жатат деп эсептейбиз. Экс-президентти сатпай, «Форумдан» кетпей, Алмазбек Атамбаевдин жанында калган адамдардын баарын жок кылуу буюртмасы иш жүзүнө ашып жатканы баарына оркоюп эле көрүнүп калды» деп
бетине тырмак салганга аракеттенди.

Андан кийин Башкы прокуратура УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевге тагылган айып боюнча түшүндүрмө берип, Мусакеев 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын, турак жай кодексинин талаптарын одоно бузуу менен узак мөөнөттөн бери күтүп кезеги келгендерди эске албастан акыркы кезектеги кызматкерлерге батир бергенин, өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди ыйгарганын ачыкка чыгарды. Мусакеев мындай мыйзамсыз жол менен 15 кызматтык батирди жеке кызыкчылыкка пайдаланып, үч кызматкерге экинчи ирет кайталап берип койгон.

Мунун кесепетинен алдыңкы кезекте турган, чынында эле турак жайга муктаж болгон 18 кызматкер үй алалбай калган. Укугу бузулган жабырлануучулар УКМКга арыздангандан кийин кызматтык териштирүү жүрүп, аталган фактылар ачыкка чыккан. Мындан улам Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Дамир Мусакеев кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдаланганын, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтиргенин белгилеп, мыйзамсыз иштери менен мамлекеттик бийликтин беделин түшүрүп, социалдык адилеттүүлүк боюнча ишенимин кетиргенин билдиришти.

Ошону менен бирге, башкы көзөмөл органы «Кызматтык батирлердин бири да менчиктештирилген эмес, мамлекет чыгымга учураган жок» деп коомдун пикирин саясатка бургусу келгендерге да жооп узатып, бул жагдайда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын башка кызматкерлердин укугу тебеленгенинен көрүүгө болорун баса белгилешти. Андан сырткары, белгилүү бир мөөнөттөн кийин жашап жаткан турак жайларын өзүнүн менчигине өткөрүп алууга укуктуу экенин айтышты. Чындыгында эле мунун тамыры коррупция эмей эмне?

Факты катары Башкы прокуратура буга чейин да ушул сыяктуу мыйзам бузуулар катталганын эскертип, Турак жайларды мыйзамсыз бөлүштүргөн деп Коргоо министри К.Өмүралиев жана орун басары Ж.Капаров баштаган министрликтин жогорку кызматтарында иштеген бир топ кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылганын, алар сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, ар кандай жаза берилгенин кошумчалады. Албетте, мунун баары бизге сабак болушу керек. Мыйзам бузуунун баарын саясатка байлаган учурдан өттүк. Кыскасы, элдин башын айландырып, жемкорлорду калкалагандан алыс бололу.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: