Menu

Шамкеев 109 миллион сомду айлык кылып «жеп койду»

Бөлүшүү:

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бакыт Шамкеев өз жоорун өзү чукуду. Компанияда иштегендердин жылдык маянасына 109 миллион сом сарпталаары маалым болду. Аталган компанияда 41 кызматкер иштейт. Төрага өзү 51 миң сом айлык алаарын шардана кылды. Ошондо калган кызматкерлер төрагадан аз айлык алыш керек. Бирок реалдуу чындык такыр башка. Эгер 109 миллион сомду 12 айга бөлсөк, ошондо компанияда 41 кызматкердин ар бирине 222 миң сомдон тиет Шамкеев көзүн ирмебей туруп кайсы калпты айтып жатат? Мына коррупция кайда жатат? 109 миллион сом бери жагы 50-55 үй-бүлө камсыз болчу квартиранын акчасы. Булар аны айлык кылып жеп коюшту. Жыргаган экенбиз.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: