Menu

Трамп жакынкы күндөрү өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп федералдык өкмөттү каржылоо тууралуу мыйзам долбооруна кол коюп, Мексика менен чек арага дубал курууга каражат алуу үчүн өлкөдө өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн. Бул тууралуу 14-февралда республикачы сенатор Митч Макконел билдирди.

АКШда өзгөчө абал киргизилиши мүмкүндүгү тууралуу маалыматты Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерс дагы ырастады. «Президент дубал тургузуп, чек араны жана биздин улуу өлкөбүздү коргойм деп берген убадасын аткарып жатат», — деп жазды ал Твиттерге.

Буга чейин демократтар менен республикачылар түштүк чек арасындагы коопсуздук боюнча алдын ала макулдашууга келишкени айтылган. Бул кезектеги шатдаунду – өкмөттүн ишинин токтошун алдын алыш керек болчу.

Анда чек араны тосууга 1,5 млрд. доллар бөлүү ыктымалдыгы белгиленген. Трамп дубалдын курулушуна 6 млрд. доллардын тегерегинде сурап жатат.

Трамп 25-январда өкмөттүк мекемелер бир айдан азык убакытка созулган «шатдаундан» кийин кайрадан иштей баштаганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: