Алты райондук администрациялардын жетекчилери кызматтан алынат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн отурумунда айтылды.
Чүй облусунун эки акими- Москва районунун администрация жетекчиси Азамат Эсенбеков менен Кемин районунун жетекчиси Жумгалбек Дүйшөбаевдер кызматтан бошотулат.
«Бул өтө катуу. Биз менен макулдпшуу керек эле. Алардын кээ бирлери өзүлөрү арыз алып келишти»,-деп нааразычылыгын билдирди Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун эки акими – Токтогул районунун жетекчиси Нургазы Сатымкуловду жана Аксы районунун акими Масалбек Мырзакматовду, андан сырткары Ысык-Көл облусунун эки райондук жетекчилери – Ак-Суу районунун акими Улан Доконбаев менен Тоң районунун жетекчиси Таалайбек Адиевди да кызматтан алуу сунушталууда.
Андан сырткары, Базаркоргон, Ноокен, Жети-Өгүз, Өзгөн жана Лейлек райондорунун акимдери сөгүш алышты.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ