Menu

Ыңгайсыз суроолор: Чүй облусунун башчысы Туйгунаалы Абдраимовго

Бөлүшүү:

– Туйгунаалы Дүйшөналиевич, сиз Чүй облусун башкарып жаткандан бери эмне иштерди жасап үлгүрдүңүз? Интригадан башка да иштер бар экенин унуткан жоксузбу? Дегенибиз, кулагыңыз саясий интригадан эле чыкпаса, иш кылды деген жакшы кабарыңыз угулбайт. Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы бийлик эгеси Сооронбай Жээнбековду элдештирем деп аракет көрүп жатканыңыз чынбы? Чын болсо майнап чыкчудайбы? Айткандай, дал ушундай ортомчулук миссия менен Дубайга чейин барып келгениңиз ыраспы? Деги кандай максатта көпүрөлүк кызматты аркалагыңыз келип жатат? Эл, мамлекет үчүнбү же жеке кызыкчылыгыңыз барбы? Анткени бул иштин арты менен өкмөт башчылыкты устукан катары алууга ниет кылып жатканыңыз кеп болууда. Өкмөт башчылык кызматты тартып кете аласызбы? Дарамет, деңгээлиңиз жетеби? Болбосо көптүн бири катары премьер болуп коюуну кыялданып отурасызбы? Айткандай, дал ушул кызмат үчүн атаандаш катары аты аталып жаткан Темир Сариевди иниңиз Канат Исаев экөөлөп Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын оозу менен элге жек көрсөтүп жатат деген божомолдордун канчалык чындыгы бар?..

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: