Menu

Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүч Жогорку cотко берилди

Бөлүшүү:

«Ата-Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку cотко берилди. Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова «Азаттыкка» билдирди.

«Өтүнүч жаңы жагдайга, Кылмыш-процессуалдык кодекстин ишке киргенине байланыштуу берилди. Акыркы чечимди Жогорку сот кабыл алгандан кийин ошол жакка кайрылдык. Эми алар Биринчи май райондук сотуна жибериши мүмкүн. Бирок бизде андай маалымат азырынча жок», — деди ал.

Өткөн айда президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча катчылык коррупция боюнча айыпталып, сегиз жылга соттолгон Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча экс-президент Роза Отунбаева менен парламенттеги алты фракциянын лидерлеринин кайрылуусун кароодон баш тарткан. Катчылык айыпталуучу өзү ырайым сурамайынча, иш каралбай турганын билдирүүдө. Өмүрбек Текебаев болсо мындай кадамга барбасын айткан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМдин башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: