Menu

Иманалиев менен Жээнбеков Карамушкинаны “мыш” кылды…

Бөлүшүү:

Кечээ парламентте эл өкүлү Ирина Карамушкина Бишкек ЖЭБин модернизациялөо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңеш макулдугун бергенин белгилеп, ал кездеги парламент депутаттарын жана ошол учурдагы төраганын жоопкерчилигин караш керек деп күпүлдөдү. Карамушкина кимдир бирөөнүн айдагы менен бул маселени көтөргөнү айдан ачык билинип калды.

Өз кезегинде, ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков: «Ак ниет менен чын дилибизден башчыларга ишенип колдоп бергенбиз. Өкмөт тарабынан тездетип бергиле деп суранган. Кредиттик макулдашуу боюнча бардыгынын колунан өтүп бизге келгенде биз ратификацияны колдоп бергенбиз» деген так кесе жообун берди. Мыйзам долбоору ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлган кат менен келген. Жээнбеков биздин талап – уурулар жооп бериш керек деди.

Ал эми ошол убакта тийиштүү комитетти жетектеп турган Каныбек Иманалиев Ирина Карамушкинанын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча экс-спикер Асылбек Жээнбеков жана ЖКдагы тиешелүү үч комитеттин башчылары жоопко тартылышы керек деген сөзүнө жетиштүү критерийлер менен жооп берди.

Иманалиев: «Карамушкинанын логикасына таяна турган болсок, жылына бирден ЖК төрагасын камап турушубуз керек», -дейт. Ал кесиптешине беш жагдайды айтып, парламенттин эч кандай айыбы жок экенин түшүндүрдү.

1. Жакында парламент 156 млрд сомдук бюджетти бекиттик. Ал акча министрликтерге бөлүнөт. Анан ат майданынан, Тарых музейинен, онкологиялык ооруканадан жегендей жешет. Түздөн-түз жегендер бар. Ошонун баарына төрага жооп береби? Мына сиздин логикаңыздын деңгээли.

2. Карамушкинанын оюна таянсак, 120 депутаттын баарын камаш керек. Себеби, биз келгенден бери 2 жылда 46 келишимге кол койдук – 1 млрд 960 миң доллар. Кимиңер жебейт деп кепилдик бере аласыңар? Бирок ага парламент эмес тиешелүү министрликтер, тендердик компания жооп бериши керек.

3. Мен кол койгонумду мойнума алам. 2013-жылы 9-сентябрда президенттин өкүлү келип, Кытайдын президенти келатат, тарыхый документке кол коюш керек деди. Ошондо кол койбосом, өзүмдү кыргыз элинин душманы катары эсептейм. Кытай башчысы ошончо акча менен келатса, мен комитеттин төрагасы катары жейт деп кол койгон жокмун да.

4. Эл аралык келишим – бул базалык келишим. Андан кийинки келишим Лаврова койгон финансылык келишим, Абазов кол койгон техникалык келишим. Бул жакта (Жогорку Кеңеш-ред) 120 финансист же 120 электрик жок. Тиешелүү адистер кредиттик келишимге кол койгон.

5. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча мыйзам долбоору 2013-жылы 11-декабрда бир убакта үч окуудан кабыл алынганы боюнча айтайын. Мага чейин да, менден кийин да, менин учурумда да 5 фракция лидери мыйзам долбоорун алып келсе, кол койбоско аргаңар жок. Айтып көргүлөчү:» Бир фактыны партия лидерлери алып келди, биз койгон жокпуз»,- деп? Бул жөн эле асылуу, саясатташтыруу. Себеби азыркы президенттен ушуга байланышкан факты издеп таба алышпаган соң, ошол кезде президенттин иниси спикер экен, ошого жамап жатышат.

Каныбек Иманалиев мындай каралоо өтпөй турганын, дүйнөдө парламенттик эл аралык декларацияда депутат эч качан өзү берген добушу үчүн жооп бербестигин мисал келтирип сөзүн жыйынтыктады.

Ошентип «Форумдун» «скрипкасын» чертип, эски «пластинканы» кайрадан көтөргөн Ирина Карамушкина «мыш» болду. Ушуну менен жогорудагы маселеге Асылбек Жээнбеков менен Каныбек Иманалиев чекит койду көрүнөт.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: