Menu

Тарыхка төңкөрүш аркылуу кирген Пиночет

Бөлүшүү:

«Терең ойлоп, салмактап көрүшсө – менин жакшы жагым көп».

Карылыктын кыл чокусуна келген, ак чач, ак көңүл абышка: «Эгерде терең ойлоп, салмактап көрүшсө – менин жакшы жагым көп экендигин билишет. Менде таарыныч жок, жакшылык бар» – деп өз жашоосун жыйынтыктагандай болгон. Чын эле, бул абышканы көргөн кишилердин ичинен сейрек бирөөлөрү гана 1970-1980-жылдардагы терроризм менен мыйзамсыздыктын символу болуп калган аскер формасындагы адамды тааный алышмак.

Анын даңкка карай кеткен жолу 1915-жылдын 25-ноябрында Чилидеги Вальпараисо шаарчасында башталган. Атасы – Аугусто Пиночет Вера – порттогу таможня кызматкери, апасы -Авелина Угарте Мартинес – үй кызматчысы болуп, алты баланын тарбиялаган. Алардын эң улуусу Чилинин келечектеги мамлекет башчысы болчу.

Чили коомунда ортоңку класстан чыккандар үчүн элитага жетүүчү жол армияда кызмат кылуу аркылуу өтө турган. 17 жашында Аугусто Сан-Бернардодогу пехоталык училищеге кирет. Училищени аяктаган соң Пиночет кенже офицердик наамда Вальпараисодогу «Майпо» полкунда кызмат кылат. 1948-жылы Пиночет Жогорку Аскердик академияга кирип, аны дагы үч жылдан соң аяктайт. Эми бул алдына чоң максатты коюп, өтө өжөрлүк менен тырмышып иштей баштаган офицер өз кызматын армиянын окуу жайларында сабак берүү менен да айкалыштырат. 1953-жылы Пиночет өзүнүн биринчи китебин жарыялайт. Ал «Чили, Аргентина, Боливия жана Перу географиясы» деп аталат. Ал диссертациясын коргоп, бакалавр наамын алат. Чили университетинин укук бөлүмүнө кирет.

Доктор Альендин оң колу

1959-жылдан тартып Пиночет карьералык тепкичтерде жогорулап, олтурган. 1971-жылы генерал наамына Сантьяго гарнизонунун командачысы болуп калат. Бул анын президент-социалист Сальвадор Альенденин өкмөтүндөгү биринчи дайындалган кызматы болчу. Таң каларлыгы-генерал Пиночет 1973-жылдын 11-сентябрына чейин Альендеге өтө ишенимдүү аскер башчылардын бири болуп келген.

Сальвадор Альенденин өкмөтү Чилиде буга чейин болуп көрбөгөн реформаларды жасай баштайт. Социалдык багыттагы саясат улутташтыруу менен коштолот. Тоо-кен тармагын улутташтыруу аркылуу Альенде чет элдик бизнесмендердин куйругун басып алат. Алардын ичинде америкалыктар да бар болчу.

Ушундан тартып Альендеге каршы масштабдуу кампания башталып, Чилиге карата экономикалык кысым жасалат. Оңчул радикал топтор террористтик согушту жарыялашат.

«Демократияны кез-кезде кан менен жууп туруу керек»

1973-жылдын 11 сентябрында Чилиде мамлекеттик төңкөрүш болду. Алгачкылардан болуп Альенденин армиядагы жана флоттогу тарапкерлери курман болушту – аларды мурдатан эле аныктап, башында эле ликвидациядоо белгиленген болчу. Андан соң, армия бөлүктөрү өкмөттүк имараттарды басып алууга өтүшөт.

Президент Альенде «Ла-Монеда» президенттик сарайында ультиматум алат: отставкага кетип, өлкөдөн атайын самолёт менен үй-бүлөсү жана жакындары менен чыгып кетүү мүмкүндүгү берилет.

Альенде баш тарткан соң, аскерлер сарайды штурм кылып башташат. Беш сааттык аткылашуудан кийин президенттик дворец багынып берет. Президент Сальвадор Альенде козголоңчулардын колуна тушүүнү каалабай, өз кабинетинде атынып өлөт. Аскерлер кирип келишип, Альенденин өлүгү кызмат ордунда жатканын көрүшөт. Алар президент өлүү экендигин билбей калышканбы, же жек көрүшкөндүктөн уламбы, айтор эбак эле өлүп калган мамлекет башчысынын денесине дагы ондон ашуун окту кадашат.

1998-жылы Пиночет Лондонго дарылануга барып, ал жерде камакка алынат. Аны камоого Испания соту чечим чыгарат. Себеби, Чилидеги саясий террор учурунда анын ондогон жарандары курман болушкан эле. 16 айдан кийин аны үй камагына чыгарышат. Ага эми Чилиде да кылмыш иши ачылат. 2000-жылы Чили Жогорку Соту Пиночетти сенатордук кол тийбестиктен ажыратат. 100дөн ашуун кишинин өлүмүнө, миңдеген кишилерди кыйноо жана уурдоо боюнча айып тагылат.

Пиночет өзүнө “Карып, акылынан айный баштады” деп диагноз койдуруп алганына карабастан, 2005-2006-жылдарда жаңы айыптоолор кошулат. Пиночеттин мурдагы соратниктери түрмөгө түшө башташат. Пиночет мындан сырткары казынаны уурдоо, салыктан качуу, курал, наркотик сатуу сыяктуу кылмыштар боюнча да айыпталат. 2006-жылдын 10-декабрында болгон оор инфаркт аны түрмөдөн куткарып кетет. Анын өлүмү тууралуу кабар өлкөгө таркаганда эле, бүт эл көчөгө чыгып, жапырт ырдап-бийлеп, салтанат кура башташат. Улуттук траур жана мамлекеттик маанидеги жерге берүү сөз болмок тургай, анын денесин өрттөп, жашыруун түрдө көмүлөт.

Орусчадан которгон: Жумабек Кыдырбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: