Бишкектин Ленин райондук соту УКМКнын мурунку жетекчиси Мурат Суталиновду мөөнөтүнө чейин бошотуу жөнүндө ишти кароону аяктады.
Сот Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу бошотпоо тууралуу чечим кабыл алды. Сот Бактыбек Сыдыгалив түшүндүрдү: сот Мурат Суталиновдун жактоочуларынын арызын канааттандырууга укуктуу, бирок ал милдеттүү эмес болчу.
Эске салсак, Мурат Суталинов айыкпас дартка чалдыгып, паллиативдик жардамга муктаж, бирок аны ал камакта болгондуктан ала албайт. Соттун чечимин жактоочулар жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанциядагы сотко кайрылышат.
Белгилей кетсек, Мурат Суталинов мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөй элек.
Жогоррку соттун 7-апрель окуясына карата козголгон кылмыш иши боюнча чыгарган өкүмүнө ылайык ал мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратылган. Ал оң бөйрөгүнүн IV стадиясындагы рак оорусу менен алышып келет.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ