Орусиянын Кемеров облусунун бир нече шаарларында кара түстөгү кар жаады. Жергиликтүү жашоочулар бул көрүнүштү сүрөт жана видеого тартып социалдык тармактарга сала баштагандан кийин, кырдаалга облустун губернатору да көңүл бурган. Бул тууралуу «Дождь» басылмасы кабарлады.
Регионалдык прокуратуранын маалыматына караганда, «Прокопьевская» байытуучу фабрикасында көмүр чаңынын ташталышы болгон. Ал эми губернатордун өндүрүш, транспорт жана экология боюнча орун басары Андрей Панов «кара кардын» себеби көмүр жагуучу жайлардын, транспорттун жана ишканалардын айынан болушу мүмкүн деп эсептейт.
https://youtu.be/5GwwEBTg0Jk
Жергиликтүү жашоочулар болсо бул кубулушту «Краснокаменская» жаңы борбордук байытуучу фабрикасынын иши менен байланыштырышууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ