Menu

Орозбек Дүйшеев, тоо-кен инженери: “Менин да айтчу сөзүм бар”

Бөлүшүү:

Урматтуу «Жаңы Ордо» гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев!

Сиздердин гезиттин 2019-жылдын 8-февралында жарык көргөн 04-номеринде Дастан Сарыгуловдун «Т.Сариев, Ш.Мамбетов, О.Дуйшеев жалгыз келип, жекеме-жеке мени менен чыксын, коркпосо келишсин» деген бизге түшүнүксүз баяндамасы чыгыптыр. Берилген суроодо (биринчи): «Дастан Исламович, 28-январь күнү өткөн жыйында «Кумтөр» келишимдерин денонсациялоо же болбосо улутташтыруу жөнүндө сөз болуп, аны А.Бекназаров, М.Шеримкулов, А.Матибраимов, О.Дүйшеев, Ш.Мамбетов, М.Абылов жана башкалар колдошту. Сиз бөлөк жолду айтып, алардын сунушун колдобой койдуңуз» – деп көрүнөө калп, фальсификациялаган.

М.Шеримкулов, О.Дуйшеев тескерисинче мындай ойлонбогон сунушка каршы сүйлөгөнбүз, Ш.Мамбетов катышкан эмес. Бизди көпчүлүк катышкандар, айрыкча Ысык-Көл областынан келгендер колдошкон. Урматтуу журналист (маектешкен) Темирлан Токтоболотовтун жалган сөзүн гезиттен чакыртып алуусун суранам.

Дастан Исламовичтин актанууга багытталган баяндамасына убакыт коротуп, жооп жазуунун кажети жок деп эсептеймин. Бүгүнкү күндөгү тоо-кен тармагынын ушундай оор акыбалга келгенине анын күнөөсү бар экендигин Кыргызстандын тоо-кенчилер адистери толук билишет. Ага төмөнкү фактылар далил болот. «Кыргызалтын» Мамконцерни өлкөбүздөгү адис-профессионалдардын сунушу менен түзүлгөн. Советтик доордо Кыргызстандын тоо-кен тармагы өнүккөн өндүрүшкө айланган. Алар Союздук адистештирилген беш ири Союздук Министирликке жана уюмга баш ийген.

Союз тарагандан кийин, биз адистер чогулуп, дүйнөлүк практиканы эске алып, Кыргызстандагы белгилүү болгон тоо-кен комбинаттарын бириктирип мамлекеттик концерн түзүлгөн. Мындай уюштуруу иштерин коңшу Өзбекстан, Казахстанда да башталган. Тилекке каршы Кыргызстанда бул тармакка коррупциялык иштерге байланыштуу, тоо-кен тармагында түшүнүгү аз, адистиги жок адамдарды жетекчиликке шайлоонун негизинде Мамконцерн «Кыргызалтын» өлкөбүз койгон талапты аткара албады. Адистердин сөзүн укпады, баарыбызга белгилүү маалымат каражаттарына жарыяланган сын пикирлер үчүн белгилүү болгон «Кыргыз тоо-кен» комбинатын п/ящик Бишкектен Кара-Балта шаарына көчүрүлдү, өнүгүп келе жаткан «Кыргыз золото» бирикмеси негизсиз, эч кандай экономикалык эсепсиз жоюлду. «Кыргызстан тоо-кен металлургиялык комбинатын» үч жылда банкротко айлантты, курулуп жаткан «Жеруй» алтын кенин чет элге кармата берди, кадр тандоодогу башаламандык өкүм сүрдү. 1999-жылы «Кыргызалтындын» жетекчилиги алмашылды, бирок кеч болуп калды. Буга окшогон фактыларды айта берсек көп, аларды айтып баш оорутуунун бүгүн кереги жок. Урматтуу Дастан Исламович, сиз менен жолугушуп, кайым айтышуунун (демагогиялык шоу уюштуруунун) эч кандай пайдасы жок. Тоо-кенчилер жана геологдор Ассоциациясы колубуздан келишинче бүгүнкү бийликке жардам берүү максатында өзүбүздүн адистик сунуштарыбызды берип жатабыз. Ушул жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп, өлкөбүз эгемендүү башкарууга өткөндөн бери биринчи жолу элдин энчиси, мамлекеттик менчик болуп эсептелген кен байлыктар боюнча пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралып кеңири чечим кабыл алынды. Бүгүнкү күндө тоо-кен адистери бул чечимди толук колдоп, ишке ашырууга аракеттенишүүдө.

Урматтуу редакция! Сиздердин гезит менен биз көп жылдан бери иштешип келатабыз. Тоо-Кен тармагындагы акыбал жөнүндө, анын ичинде «Кумтөр» кени боюнча жылдык отчеттор келгенден кийин кененирээк баяндама берүүгө даярбыз.

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: