Menu

Видео – Зарылбек Рысалиев: «Абакта олтурган уурулардын баары Атамбаевдин «любимчиктери» эле, ошондо Алмаз Шаршенович, уурулардын атаманы сизби?

Бөлүшүү:

“Бүгүн кечке чейин бир нече адамдардын аты аталды, кайра-кайра кайталанды, алар Артыкбаев, Сатыбалдиев, Исаков, Шадиев, Албек Ибраимов, Зилалиев. Булар кимдин кадралары? Буларды ким алып келди эле? Булар кимдин кадрлары экенин биз баарыбыз жакшы билебиз. Булар ошол кездеги президент Атамбаевдин “любимчиктери” болчу. Бүгүн булардын баары ууру деген атка конушту. Ууру! Коррупционер деген бул маданияттуу айтылган сөз. Булар уурулар!”- деп билдирди депутат Зарылбек Рысалиев кечээ, 14-февралда Жогорку Кеңештин  Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Урматтуу Алмаз Шаршенович, сиз эмне уурулардын атаманы болдуңузбу? Өлүм бирөө, адам бир эле өлөт, адам өлгөндөн кийин, топурак салганга чейин адамга ый да керек да. Кыргызда кошок деген бар. Анда ошол өлгөн адамдын жакшылыгын айтып, жар салат. Эми булардын урук-туугандары эмне деп өкүрөт? “Эсил кайран иним ай, ууру элең!” деп өкүрөбү же “Уурулардын анабашы элең!” деп өкүрөбү? Өлүмдү да ойлош керек да. Өлүмдөн улуу, өлүмдөн таза эч нерсе жок. Троя согушунун баатыры Ахиллес өзүнүн инисине минтип айткан “Мен сага кылыч чапканды үйрөттүм, бирок бир нерсени үйрөтпөй калыптырмын, өзүңдүн келесоо падышаңа кызмат кылгандан көрө, душманың болсо да акылдуу адамга кызмат кыл деген. Менин өлгөн аскерлерим түшүмө кирет. Алар “Эй, Ахиллес, сен да жакында биздин жаныбызга келесин, ошондо эмне деп жооп бересин?” дешет”. 2010-жылы 87 жигиттерибиз каза болду эле, эртең биздин коррупционерлер ошол 87 жигиттин жанына барганда эмне деп жооп берет экен?”- деди Зарылбек Рысалиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: