Menu

Видео – Каныбек Иманалиев: “2010-2017-жылдарда, экс-президент Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда коррупциялык кылмыштуу режим түзүлгөн!”

Бөлүшүү:

“Негизинен Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча Генпрокуратура менен УКМК алып бараткан иш туура. Биз аларга колдоо көрсөтүшүбүз керек. Мен баарына макулмун, бирок, бир гана нерсеге макул эмесмин – мамлекетке $111  млн гана зыян келтирилген дегенге макул эмесмин. Бишкек ТЭЦинен $230 – $250 млн уурдалган,” – деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев кечээ, 14-февралда Жогорку Кеңештин  Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Ага биринчиден, укук коргоо органдары айтып жаткан документ себептүү, экинчиден, КМШнын 7 өлкөсүн мен текшердим, ремонт 600 миң доллар турат. Дүйнөдөгү энергетиканын лидери “Симменс” 1 млн 200 миң доллардан курат.  Ал эми биздики“Симменстен” 2,5 эсе көп уурдалган. ООНдун эсеби боюнча Кыргызстанда ар бир төртүнчү киши курсагы тоё тамак ичпейт, ошол ачка, байкуш, кедей элдин атынан барып, падыша карыз сурап, 300 сом карыз сурап, анын 200 сомун өзү уурдап алган.  Ошол падыша деген атка татыктуубу? Ошонун жүрөгүндө кудай барбы? Кудайды карабай жешкен. Анын эмнесин аяп жатасыңар? Дүйнөдө Нюрнбергский процесс болгон – ошондо фашизм токтогон. Кыргызстандын коррупциясынын тарыхында Нюрнбергский процесс бүгүн башталды.  Кредиттик саясат боюнча Америкадагы “Глобал центр девелопент” аттуу уюм изилдөө жүргүзүптүр,  дүйнөдөгү 120 өлкө улуу Кытай өлкөсүнөн кредит алыптыр, ошол 120 өлкөнүн ичинен 8 өлкө эртең кредитин төлөй албай, финансылык суверенитетин жоготкону турат деп жазылат. Сегизинчиси – Кыргызстан экен! Ошол, биз кимдин жанындабыз? Мозамбик, Афганистан, Камбоджа. Ошол финансылык суверенитетин жоготкон эки өлкө өз акчасын жоготуп чоң өлкөнүн валютасын киргизди. Биз ошон үчүн суверендүү өлкө курдукпу? Шри-Ланка 7 млрд доллар карыз болуп, Кытайга өзүнүн портун өткөрүп берди. Жибути карызга батып, өзүнүн аскер-деңиз базасын өткөрүп берди. Тажикстан Жогорку-Кумак алтын кенин өткөзүп берди. Биз кийинки катардабыз. Мен өкмөттүн жообун уккум келет, биз карыздан кантип кутулабыз? Менин сунушум, токтомго киргизели: “2010-2017-жылдарда, экс-президент Атамбаевдин тушунда коррупциялык кылмыштуу режим түзүлгөн!” деп баа берилсин”, – деди Каныбек Иманалиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: