Menu

Фото – Кыргыз футболисти Гүлжигит Алыкулов Беларустун “Неман” футболдук клубу менен 3 жылга контракт түздү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасынын чаабулчусу Гүлжигит Алыкулов Беларустун “Неман” футболдук командасы менен 3 жылга контракт түзүп, Беларуска кетип жатат. Бул тууралу КР Футбол федерациясынан билдирүү таратышты.

“Неман” футболдук командасы (г.Гродно) өзү негизделген 1992-жылдан бери Беларустун футбол боюнча жогорку лигасында ойнойт. 2002-жылы өлкө чемпионатынын күмүш байгесине ээ болгон. Ал эми 2011-жылы жана 2014-жылы финалга чыккан. 1993-жылы Беларустун Кубогун утуп алган.
Гүлжигит Алыкулов өзү бул тууралу мындайча билдирди: «Мен эки жума Беларуста, «Неман» клубунда болуп келдим. Бир нече сынак беттешүүлөргө катышып, эки жолу гол киргиздим. Клуб мага аябай жакты, жакшы атмосфераны сездим. Ошондой эле Гродно шаары да жакты. Өзүмдү жакшы жагынан көрсөтүп, команданын бул сезонго койгон максаттарын ишке ашырууга жардам бериш үчүн Беларустун марттын аягында баштала турган футбол боюнча чемпионатын чыдамсыздык менен күтүп жатам”

Гүлжигит Алыкулов белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун (“Шорпо”) уулу экендиги айтылууда. Атасы  эстрада жылдызы болуп эл оозуна алынды эле. Эми уулу футбол жылдызы болуп, кыргыз элин дүйнөгө дагы бир жолу таанытса деген тилек.  Баса, Гүлжигит Алыкулов кыргыз жараны бойдон кала берет жана келечекте КРнын футбол боюнча курамасынын курамында ойной алат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: