Menu

УКМК: Жарандардын чөнтөгүнө маңзат таштап коюп, акча өндүрүп байыган туруктуу кылмыштуу топтун уюштуруучусу, милициянын майору кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-февралда УКМКнын кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөөлөр кызматы менен бирдикте 600 доллар пара алып жаткан жеринен Бишкек шаардык милициясынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча кызматкери С.К. аттуу милициянын майорун жана анын шериктери 1988-жылы туулган А.К. , 1975-жылы туулган И.Н. аттуу жарандарды кармаган.

Милициянын майору туруктуу кылмыштуу топ түзүп, КР жарандарынын чөнтөгүнө, унаасына, жашаган жерине байкатпай маңзат таштап коюп, анан ал “күнөөкөрдү” кармап, протокол түзүп, ишти ачыкка чыгарбай, жаап салуу үчүн акча өндүрүп жүргөн.

12-февраль күнү КР УКМКга А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Бишкек шаардык милициясынын күбөлүгүн көрсөткөн белгисиз адамдар ага каршы козголгон кылмыш ишин жаап салуу үчүн андан 1000 доллар талап кылып жатышканын  билдирип, чара көрүүнү суранган.

Бул арыз алдын-ала иликтенип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-пара талап кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, атайын уюштурлган ыкчам-иликтөө операциясынын алкагында  шектүүлөр пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына камалып, тергөө иштери башталды.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: