Menu

“Унаа” мамлекеттик мекемесине гендиректорлукка Марс Саккараев кандай негизде дайындалды?

Бөлүшүү:

Бир кезде МАИ системасында, кийин Мамкаттоо системасында “майлуу-сүттүү” деп эсептелген Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү департаментинин начальниги кызматы дайыма саясый кландардын тымызын талашына түшүп турат. Анткени бул ишканадагы  каржылык агымдарды көзөмөлдөөгө баары кызыкдар.

Акыркы мезгилге чейин бул участокту Атамбаевдин кланы көзөмөлдөп, Президенттин иш башкаруучусу Турусбек Коёналиевдин иниси Жоошбек Коёналиев жетектеп келген. Былтыр жаңы президент Сооронбай Жээнбеков баштаган коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Жоошбек Коёналиев кызматынан четтетилип, өзүнө кылмыш иши козголгон.

Анан эле былтыр декабрда өкмөт ал департаменттин базасында “Унаа” мамлекеттик мекемесин түзүп, кеңири ыйгарым укуктарды бергени жарыяланган.

Мындай “майлуу-сүттүү” жер жерде калбайт эмеспи, Туйгуналы Абдраимов менен Канат Исаев жетектеген Чүй кланы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди алка-жакадан алып жатып “Унаа” мамлекеттик мекеменин гендиректорлугуна Чүй кланына кирген Марс Саккараевди дайындатышканы айтылууда.

Марс Саккараевдин бул тармакка такыр тиешеси жок болгондуктан анын бул кызматка дайындалышы көп суроолорду жаратууда. Анын үстүнө 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Марс Саккараев Өмүрбек Бабановдун штабдарынын бирин башкарып, азыркы президентке төрт аяктап каршы иштеген. Президенттин айкөлдүгүн пайдалангандар жаңы түзүлгөн “Унаа” мамлекеттик мекемесин өздөрүнө “кормушкага” айланткылары келген жокпу?

Бул кызматка Марс Саккараев кандай негизде дайындалды жана анын бул кызматка дайындалышы эмнеге бир топтон бери коомчулуктан жашырылып, ачык айтылбай келатат?

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: