Menu

Видео – Зиядин Жамалдинов, ЖК депутаты:”Убагында ушул кредиттерди аз алалы десем Атамбаев “депутат Жамалдинов эл душманы” деп чыккан, эми Атамбаев өзү командасы менен эл душманы болуп чыкты”

Бөлүшүү:

“Бишкек ТЭЦиндеги коррупциялык кылмыш Жогорку Кеңеш комиссия түзүп, иликтеп, коррупцияны ачып, укук коргоо органдарына өткөрүп бергенден кийин ачылып жатат. Мурунку учурларда да Жогорку Кеңеште көптөгөн комиссиялар түзүлчү, бирок эч качан ал комиссиялар аягына чейин өз максатына жетчү эмес. Эми биздин улуу урматтуу Сооронбай Шарипович президент болуп келип, коррупция менен күрөшүп, мындай кылмыштардын бети ачылып жатат”, – деп билдирди депутат Зиядин Жамалдинов 14-февралда Жогорку Кеңештин Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Тергөөчүлөр менен эксперттерге да ыракмат айтышыбыз керек, ошолор бул ишти аягына чейин чыгарып, күнөөлөрдү тактап беришти. Эми Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунун курулушу турат, Түштүк-түндүк альтернативалуу жол турат, Ысык-Көлдөгү ипподром турат, Тарых музейи турат, бул иштер боюнча да ушул эле тергөө тобу таза, ак ниет иштеп, аягына чыгарат деген үмүт бар. Убагында мен “ушул кредиттерди аз алалы, эгерде кредит ала турган болсок, биз ошону туура багытта иштетели” деп айтсам, экс-президент Алмаз Атамбаев “депутат Жамалдинов деген бар, ушул мени кредитти албасын деп айтып жатат, бул элдин душманы болот” деп мен тууралу айтып чыккан. Бүгүн Атамбаев өзү командасы менен эл душманы болуп турат. Бир эле Бишкек ТЭЦи боюнча курулушта 111 млн доллар ашыкча чыгымдалган. Эми кимди элдин душманы деп атасак болот? Ушул Бишкек ТЭЦине кеткен 386 млн долларды күндөн энергия ала турган электр станциясына жумшасак болмок. Экологияга да жакшы болмок, экинчиден эч кандай коркунучтар болмок эмес, анткени эксперттердин айтымында суу да жылдан-жылга азайып жатат. 2030-35-жылдарда суунун көлөмү да азаят, ошондо ГЭСтер кайсы энергияны өндүрүп берет? Ошондуктан биз азыртадан баштап, альтернативалуу энергияны өндүрүүгө өтүшүбүз керек. Укук коргоо органдарынан мен Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунун курулушун, Түштүк-түндүк альтернативалуу жолун, Ысык-Көлдөгү ипподромду, Тарых музейин аягына чейин текшерип, бетин ачып берүүңүздөрдү суранат элем”, – деди депутат Зиядин Жамалдинов.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: