Menu

Видео – Эмил Токтошев, Атамекенчи депутат: “Биз кыргыздар мындай чоң акча менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу колубуздан келбейт экен, баары бир жеп кетишет”

Бөлүшүү:

“Биз кыргыздар мындай чоң акча менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу колубуздан келбейт экен. Кийинки долбоорлор да таза ишке ашат деп эч ким кепилдик бере албайт”, – деп билдирди депутат Эмил Токтошев 14-февралда Жогорку Кеңештин Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Азыр ТЭЦтин директору Воропаевге  “ТЭЦ  дагы модернизация болобу же ушул кубаттуулугу эми жетишеби?” деп суроо берсем, “Болду, жетишет, эми модернизация болбойт” деп жооп берди. Бишкек өсүп баратпайбы, капталынан эле өсүп баратат, эми дагы 5-6 жылдан кийин бош жердин баары бүтүп, эми асманды көздөй өсө баштайт. Жылуулук жетишпей калат, азыр эле жылуулук менен толук камсыз кыла албайт. Демек башка жолдорун издеш керек. Биздин ТЭЦтин технологиясы бул 150 жыл мурун ойлоп табылып, курула баштаган технология. Азыр башка заман, азыр жылуулук чыгаруучу толтура жаңы технологиялар бар.  Мындан кийин ТЭЦти модернизация кылалы, жаңы ТЭЦ куралы дегенди токтотолу. Баары бир акчасын уурдап жеп кетишет экен. Жаңы, арзан, экологиялык жактан таза технологияларга өтөлү”, – деди атамекенчи депутат Эмил Токтошев.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: