Menu

Гүлнара Каримовага $350 млн пара берди деп айыпталган Telia компаниясынын жетекчилерин швед соту актады

Бөлүшүү:

Стокгольм соту Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага 350 миллион доллар пара берүүгө айыпталган телекоммуникациялык Telia компаниясынын мурдагы жетекчилерине карата өкүм чыгарды.

Сот өкүмүндө айтылгандай, швед мыйзамдарына ылайык, кимдир бирөө аткаминерлерге пара иретинде акча же белек берсе, коррупция катары эсептелет. Бирок соттук угуулар учурунда прокурорлор Telia компаниясынын жетекчилери тарабынан миллиондогон доллар пара берилген маалда Гүлнара Каримова чындап эле Өзбекстандын телекоммуникациялык чөйрөсүндө чечим кабыл алган бийлик өкүлү болгонун далилдей алышкан эмес.

Сот өкүмүндө айыптоочулар жана жактоочулар тарабынан берилген далилдердин баары кылдат иликтенгени айтылат. Сотто 2007-2010-жылдары Telia компаниясы Гибралтарда катталган Takilant Ltd компаниясынын эсебине жүз миллиондогон доллар акча которгону, ал компаниянын чыныгы ээси Гүлнара Каримова экени аныкталган.

19-декабрда өткөн акыркы соттук угууда швед прокурорлору айыпталуучуларга катаал жаза берүүнү сурашкан. Бирок сот Telia компаниясынын мурдагы вице-президенти жана каржы директору Теро Кивисаарини, мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюбергди жана евразиялык бизнес багыт боюнча мурдагы башкы кеңешчиси Ули Туиманы күнөөсүз деп тапты.

Алардын баары Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага өзбек базарына кирүү үчүн 350 млн доллар көлөмүндө пара беришкен деп күнөөлөнүшкөн.

Акцияларынын 37 пайызы швед өкмөтүнө таандык “Telia” компаниясы 2017-жылы Гүлнара Каримовага 331 миллион доллар пара бергенин мойнуна алган. Ошондой эле АКШнын Юстиция министрлиги менен келишим түзүп, коррупциялык кылмышты жөнгө салуу үчүн 965 миллион доллар айып төлөөгө макул болгон.

Мурунку өзбек президентинин кызына 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда да кылмыш иштери козголгон. Каримова бери дегенде алты телекоммуникациялык компаниядан бир миллиард долларга чейин пара алган деп айыпталууда. Бул акчанын бир бөлүгү – 800 миллион доллар Швейцариянын банктарынан табылып, камакка алынган. 31-июлда Швейцариянын Федералдык соту банктагы эсептерин ачуу боюнча Каримованын апелляциясын канааттандырган эмес. Бул каражаттар жакынкы арада Өзбекстандын өкмөтүнө кайтарылып берилиши мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Гүлнара Каримова болсо Өзбекстанда бир катар коррупциялык кылмыштар үчүн соттолуп, азыр абакта жазасын өтөп жатат. Ташкенттин сотту Каримованы салыктардан качуу, уурдоо, акча өндүрүү жана офшор компанияларынын документтерин жок кылуу үчүн күнөөлүү деп таап, беш жылга абакка кескен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: