Menu

ИИМ: Автоунааларды айдап качуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери автоунааларды айдап качуу менен алектенген кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер органдары тарабынан автоунааларды айдап качуу менен  алектенген топ зыяндаштырылды. Жогорудагы кылмыштуу топ кыска убакыттын аралыгында төрт автоунаага, анын ичинен бирөөсү премиум-класстагы автоунаага  мыйзамсыз ээ болушкан.  Уурдалган автоунааларды кылмышкерлер жок кылып салышкан.

2019-жылдын 22-январь күнү түнчүндө Бишкек шаарынын Ауэзова көчөсүнөн белгисиз адамдар шаардын тургунуна (аял киши) таандык болгон  “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү автоунааны укукка жат түрдө ээ болушкан.  Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобу келишкен.  Аталган факты
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Автомототранспорттук каражаттарды айдап качуу) боюнча сотко чейинки
иликтөөнү башташкан.  Автоунааны издөөгө Свердлов РИИБдин жана коңшу милиция бөлүмдөрүнүн  өздүк курамы тартылган.  Свердлов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери  тарабынан шектүүлөрдүн пайда болгон жерлерине кайтаруулар уюштурулуп,  автоунааны айдап качкандарды кармоо менен жыйынтыкталган.   Жакында милиция кызматкерлери аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоого мүмкүн болгон. Жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелгендер  кармалган.
–       1996-жылы туулган П.Д. аттуу жаран, мурда бир нече жолу соттолгон.
–       2000-жылы туулган И.И. аттуу жаран, мурда бир нече жолу соттолгон.
–       2001-жылы туулган Ф.Д. аттуу жаран.  Кармалган жарандардын баардыгы Чүй облусунун тургундары болушат.

Иш-чараларды өткөрүү  учурунда кармалган жарандар Бишкек шаарынын Ауэзова көчөсүнөн уурдашкан 2003-жылы чыккан ак түстөгү “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү автоунааны камыштын арасына катып койгон жерин көрсөтүшкөн. Андан сырткары кармалган жарандардын жашаган жерин текшерүүдө милиция
кызматкерлери далил  зат катары уурдалган автоунаалардын 8 даана дисктерин табышкан. Ошондой эле автотранспорт каржаттарын уурдоо жана өрттөө фактылар боюнча башка  жагдайлар аныкталган. Алар негизинен шаардын аймагында кылмыш кылууну көздөшүп, элдер жок жайларда автоунааларды уурдашып, жергиликтүү базарларда сатуу үчүн керектүү тетиктерин алышып, андан соң автоунааларды өрттөп жиберишкен. Ал эми январь айында Октябрь районунун аймагында уурдалган  “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү автоунааны Чүй облусунун Манас айылынан табышкан.

Кылмышкерлер болжол менен дөңгөлөгүн алган соң өрттөп жиберишкен. Январь айында Биринчимай районунун аймагынан уурдалган дагы бир  “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү   автоунаа Сокулук районунан дөңгөлөктөрү жок өрттөлгөн жеринен табылган.  Андан сырткары кармалган жарандардын премиум-класстагы автоунааны урдашкандары такталган. 2019-жылдын 17-январь күнү болжол менен саат 04:45 чамасында “Лексус GX 470”  үлгүсүндөгү автоунаа уурдалган.  Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу  келишип,  жабырлануучунун арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Автомототранспорттук каражаттарды айдап качуу) боюнча сотко чейинки иликтөө  башталган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын Баткен облусу боюнча кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурдалган автоунаанын турган жери аныкталган. Аныкталгандай, кылмышкерлер уурдалган автоунааны сатканга
үлгүрүшкөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында ИИМдин КМКнын жана УКМКнын  ыкчам кызматкерлери тарабынан “Лексус GX470”  үлгүсүндөгү  кара түстөгү уурдалган автоунаа Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасынын жанынан табылган. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар деп шектелип
алдамчылык менен издөөдө жүргөн Бишкек шаарында жашаган 1985-жылы туулган Ч.Э. аттуу жаран кармалган.  Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы божомолдонууда. Азыркы учурда мыйзамсыз иш-аракеттерге шектелген башка жарандардын өздүгүн тактоо боюнча  тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.  Соттун чечими менен 1996-жылы туулган П.Д., 200-жылы туулган И.И. жана 1985-жылы туулган Ч.Э. аттуу кармалган жарандар тергөө абагына 2 айга камоо тууралуу бөгөт чарасы көрүлдү.  Азыркы учурда сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: