Menu

Курманкул Зулушев, ЖКнын депутаты: “Мен кимдир бирөөнүн заказын аткарып мыйзам жазган эмесмин”

Бөлүшүү:

-Курманкул мырза, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу мыйзамы түп тамырынан бери өзгөрүп кеткени үчүн аталган мыйзам долбоордун дагы бир автору Исхак Масалиев 
каршы добуш бергенин айтты. Депутаттардын сунушунан кийин сиздин да ал мыйзам боюнча пикириңиз өзгөрүп кеткен жокпу?

– Мен каршы добуш берген жокмун. Анткени бул мыйзам долбоору өзгөрүүгө туш болгону менен биз сунуштаган долбоордун өзөгү турат. Бир гана беренеде талаш жаралды. Анткени Конституциялык соттун көрсөтмө берген мыйзамсыз укуктарды чектеген чечими менен биринчи окуудан өткөн концепциябыз экинчи окууда өзгөрүүгө туш болду. Аны өзгөртүү, кошумча-алымчаларды киргизүү депутаттардын укугу экен. Тиллаев “бул мыйзам экс-президенттин президент кезиндеги ишмердүүлүгүнө тиешелүү. Президент да чечимдерине эртең экс-президент болгондо жооп бергенде анын мыйзам алдында кепилдигин сактап беришибиз керек” деген норманы киргизүүнү сунуштады. Депутаттар Тиллаевди да, андан кийин сунушун айткан Жапаровду да колдоду. Негизи депутаттардын көз карашы, сунуштары эске алынып анан мыйзам кабыл алынат.

Биринчи окууга чейин мыйзам демилгелеген депутаттардыкы болот. Башкача айтканда, мыйзамды демилгелеген депутат биринчи окууга чейин баш тартып же мыйзамын чакыртып алганга укугу бар. Биринчи окуудан кийин ал мыйзамдын ээси комитет болот. Ошондуктан комитеттин төрагасы доклад жасап, келип түшкөн сунуш, пикирлер боюнча корутунду жазат. Башкача айтканда, кечээги процедура ошондой болду. Биз экс-президенттин кол тийбестиги алынсын дедик. Депутаттар Конституцияга, Конституциялык палатанын чечимине шайкеш келтиребиз деп сунуш кылышты. Ал сунушту парламент колдоду. Бул мыйзам менен экс-президентте абсолюттук кол тийбестик болбош керек дегенге кандайдыр бир деңгээлде жетиштик. Башкы прокурор экс-президентте “кылмыштын белгилери бар” деп корутунду берип, экс-президент деген наамы алынгандан кийин Жогорку Кеңештин колу менен, башкача айтканда үчтөн экисинин добушу менен жоопко тартса болот деген нормалар кирди. Биздин концепция мына ушундай сунуштар менен өзгөрдү. Бирок түп нускасы сакталды. Ошондуктан мен бул мыйзамды колдоп добуш бердим.

– Коомчулукта бул мыйзамдын кесепети азыркы президентке да тийип калаарын билип, ушундай өзгөртүүгө аргасыз болушту дегендер да чыгып жатат го…

-Эл арасында азыркы президенттин, экс-президенттин тарапташтары бар. Мен бирөөгө жан тарткан же кимдир бирөөнүн заказын аткарып мыйзам жазган да эмесмин, жазбайм дагы. Бул мыйзамды Масалиев парламентте айтып чыкканы үчүн карап, Конституцияга карама-каршы келген жерлери бар экенин көрүп, жазып сайтка илгем. Ошондуктан аягына чейин колдоп жатам. Биз бул мыйзамды Конституцияга жана Конституциялык палатанын чечимине шайкеш келтирдик. Ошондой эле депутаттарга кайрылып, Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн, алардын аткарып жаткан мыйзамдарын, чыгарып жаткан чечимдерин карайлы деп, алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып жатканын айттым.

 Чынайым Кутманалива

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: