Menu

Өзбекстанда 100 миң сумдук банкнот 25-февралдан тарта чыгарыла баштайт

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Борбордук банкы 25-февралдан тарта 100 миң сумдук жаңы банкнот чыгарыла баштай турганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңы банкнота улуу өзбек окумуштуусу Мирзо Улугбекке жана анын австрономиядагы жетишкендиктерине арналган.

100 миң сумдуктун маңдайкы бетинин сол бөлүгүнө Мирзо Улугбектин эстелиги түшүрүлгөн. Мындан тышкары анда көзү көрбөгөн адамдар кармап көрүп, канча сумдук банкнота экенин аныктай ала турган жашыл түстөгү атайын элемент бар.

Быйыл 15-январда өлкөнүн Борбордук банкы Олий Мажлистин Сенаты 100 миң сум номиналындагы банкнотанын үлгүсү менен дизайнын жактырганын кабарлаган.

Анда банкнота күнүмдүк накталай төлөмдөрдү жеңилдетүү максатында жүгүртүүгө бериле турганы айтылган.

Бирок Борбордук банктын билдирүүсүнөн бир нече күн өткөндөн кийин өз булактар өлкөдө улуттук валютаны басып чыгара турган эки жабдуу иштебей калганын кабарлашкан.

Өзбек аткаминерлеринин биринин айтымында, буга электр жарыгынын тез-тез өчүүсү себеп болгон. Башка бир булак машинканын бузулушуна 2000-жылдардын ортосунда сатылып алыган техниканын эскиргендиги себеп болгонун айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: