Орусиянын мурдагы Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) полковниги жана британ тыңчысы Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлап, дарыгерлер ага жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу 17-февралда The Sunday Times британ басылмасы өлкөнүн атайын кызматтарындагы өз булактарына таянып жазды.
Дарыгерлердин айтымдарында, Скрипалдар ууландырылган нервди шал кылуучу «Новичок» заты организмден чыгарылгандан кийин да адамга таасир эте бериши мүмкүн.
Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия 2018-жылы мартта ууландырылган. Британ тергөөчүлөрү билдиргендей, Британияга жасалма документтер менен кирген орусиялык эки чалгын кызматкери Скрипалдын үйүндөгү эшиктин туткасына уу коюп кетишкен.
Ошол эле жылы 17-февралда белгисиз адамдар Британиянын Солсбери шаарчасындагы чиркөөгө Орусиянын желегин илип кетишкен. Кийин британ бийлиги тарабынан Скрипалдарга кол салган деп айыпталган ГРУнун офицерлери Анатолий Чепига менен Александр Мишкин RT телеканалына интервью берип, Солсбериге шаардык чиркөөнү көрүүгө барышканын айтышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ