Menu

Дүйнөдөгү эң көп окулган китептер

Бөлүшүү:

Технология өнүккөнү адам баласынын күнүмдүк түйшүктөрү жеңилдеп, алыс жол жакындап, дүйнөнү чөнтөгүңө салып алып жүргөндөй мумкүнчүлүктөр түзүлгөнү менен биз виртуалдуу дүйнөнүн кумарына өтө эле батып кеткендейбиз. Дегеним, бешиктеги баладан тартып, карыган аксакалдарыбызга чейин телефон, интернетсиз жашай албай калган деңгээлге жетип калгандайбыз. Телефон кан-жаныбыз менен бир болуп, 1 саатка да алысыраак таштай албай, түнкүсүн керек болсо башыбызга жаздап жатаарыбыз айдан ачык.

Виртуалдуу дүйнөдөн, интернеттен, телефон оорусунан кантип арылабыз?

Канчалык биз булардын кумарына азгырылган сайын реалдуу жашоодон алыстап, жан дүйнөбүз жардыланып, китеп бетин ачпай, керек болсо калем алып кагаз жазбай калгандарыбыз канча?

Урматтуу замандаш, китеп окуу, билим алуу эч качан модадан калган эмес! Андыктан китепти сүйөлү.

Дүйнөдөгү эң көп окулган китептердин айрымдарын тизмектейбиз.

1. Библия

Дүйнөдөгү эң көп окулган китептердин сап башында Библия турат экен. Ал дүйнөнүн 2000ден ашык тилине которулган. 3,9 миллиарддан ашык нускасы басылып чыккан. Ыйык китептин жазылганына дээрлик 4000 жыл болсо да, күнү бүгүнкүдөй популярдуулугун жоготпой келет.

2. Мао Цзэндундун цитаталары

Китептин аты айтып тургандай эле бул китепте Улуу Кытай мамлекетинин императору Мао Цзэдундун 427 цитатасы камтылган. Мао императорунун башкаруусу убагында өлкөнүн ар бир жараны анын цитатасын жадыбалдай жатка айтууга милдеттүү болгон. Асыл ойлор турмуштун кыйынчылыктарында жол таппай калган инсандарга багыт берүү үчүн жазылган. Азыркы күндө бул китеп дүйнө элдеринин сүйүүсүнө арзыган атактуу китебине айланган. Китептин 820 миллион нускасы бар.

3. Гарри Поттер. Джоан Роулинг

Жаштар арасында өтө популярдуулукка жеткен аталган китеп автор үчүн эбегейсиз ийгиликтерди алып келген. Ал чыккан күнүнөн тартып бардык дүйнөлүк сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеп келет. Китептин негизинде бир канча ирет тасмалар да тартылган. Китептин биринчи бөлүгү чыккандан кийин окурмандар автордун жанын койбой, улам кийинки бөлүктөрүн тынымсыз сурап тургандыктан автор кененирээк көчөгө да баса албай калгандыгын көп басма сөз жазып келген. 20 жылдын ичинде китептин 400 миллион нускасы окурмандардын колуна тийген.

4. Властелин колец. Дж. Р. Р. Толкин

Бул китепте негизги орунду фантастика жанры ээлейт. Чыгармада автордун негизги айтайын деген ою баатырдык, тайманбастык болгон. Аталган китептин негизинде тартылган тасма дагы учурда көрүүчүлөрдүн эң көп көргөн сүйүктүү кино сериалына айланган. Романдын 103 миллион нускасы басмадан чыккан.

5. Күүгүм. Сага. Стефам Майер

Вампирлер туурасында жазылган дүйнөдөгү эң көп окулган китеп бул “Күүгүм” китеби. Китептин автору Стефани Майер аталган романдын сюжетин түшүндө көргөндүгү айтылып жүрөт. Түш көргөндөн кийин 3 жылдан кийин гана бул китеп жарыкка чыгып, окурмандардын эбегейсиз сүйүүсүнө арзыган. Ал дүйнөнүн 50дөн ашык тилине которулган. Китептин 45 миллиондон ашык нускасы сатылып бүткөн.

 Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: