Menu

Видео – Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты: “Бишкек ТЭЦин модернизация кылган ТВЕА компаниясы грант түрүндө 20,3 млн доллар берген, аны кандайча чыгымдашкан?”

Бөлүшүү:

“Мен ТВЕА Кыргызстанга грант катары берген 20 млн 300 миң доллар боюнча сурагым келет, ал акчага 2 мектеп курулмак, Кара-Кече жылуулук электрстанциясына ТЭО жасатып бермек 3 млн долларга, анан калган статьялар боюнча убадалар аткарылыптырбы, текшердиңерби?” – деп сурады депутат Төрөбай Зулпукаров 14-февралдагы парламенттин Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Ал боюнча текшерип чыктык, көп нерселер аныкталды, мисалы ошол эле Кара-Кече жылуулук станциясынын ТЭОсу аткарылган эмес. 9 млн долларга трансформаторлор коюлмак, текшерип көрсөк 3 млн доллардык трансформаторлорду бир нече эсе кымбат кылып, 9 млн деп көрсөтүшүптүр. Бул боюнча аудиторлор жооп берсе жакшы болот эле”, – деп жооп берди тергөөчү.

“Бул 20 млн 300 миң доллар боюнча биз аудит өткөрдүк, мектепке бөлүнгөн 2 млн доллар боюнча иликтеп бердик, Кулматовго кылмыш иши ачылды. Кара-Кече жылуулук станциясына 3 млн долларга ТЭО жасап бермек, бирок ТВЕА аны да жасаган эмес, муну да тергөөгө өткөрүп бердик. 9 млн долларга 250 мегаватт трансформатор алышыптыр, бирок бул өтө кымбат алынгандыгы аныкталды.  Муну да тергөөгө өткөрүп бердик. Андан сырткары ТВЕА 1 млн долларга кабель алып бериш керек эле, бул боюнча да аудит өткөрүп, тергөөгө жибердик.  Дагы 300 миң долларга ТВЕА мебель сатып бермек эле, аны азыраак аткарыптыр. Андан сырткары ТЭЦтин модернизация болгон бөлүгү үчүн 20 адамды окутуп берүүгө 3 млн доллар каралган экен, аны да аудит кылдык.  Баары боюнча баалар көтөрүлүп көрсөтүлүп, мыйзам бузуулар болгон”, – деп жооп берди Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: