Menu

Видео – Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты:”Сапар Исаков, Алмаз Атамбаев баш болушуп, биздин колу-бутубузду бурап, ТВЕА менен келишимди ратификация кылып алышкан”

Бөлүшүү:

“Башынан эле булар ээрге кыйшык олтуруп алышып, өзүнүн шефинин берген буйругун кынтыксыз аткарышкан. Мен Сапар Исаковго ушул жерден айттым го “куранга карганалы” деп”,  – деп билдирди депутат Кожобек Рыспаев 14-февралдагы парламенттин Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Мен бул маселени акыр аягына чейин көтөрүп жүрдүм. Бирок Алмаз Шаршенович баш болуп, бизди, депутаттарды “эл душманы болосуңар! 1957-жылы курулган ТЭЦ эртең токтоп калса Кожобек элди душманы сен болосуң, билип ал ушуну” десе, биз болгону ратификация кылып бердик. ТЭОсу жок деп айттык. Юстиция министри Мамбеталиева “бул келишим эл аралык келишимге жатпайт” деп айтты. Сот Гонконгдо эмес, бул жерде болсун деп айттым,  аны укпастан Сапар Исаков баш болуп, колу-бутту бурашты. Модернизация аткарылып бүткөндөн кийин комитет менен барып текшерели, Эсеп палатасы текшерсин десем, Алмазбек Шаршеновичтин ачуусу келип жатат “Токтотпойсунбу Кожобек!” деп эки жолу мени токтотту.  Биздин айткандарды аткаруу бийлиги уруп да койгон жок. Текшерели десек Сапар Исаков колу-бутубузду бурап, тосуп турду. Эмне үчүн Шадиевдин бухгалтери ТВЕАга барып иштеп калат? Бул түздөн-түз байланышы бар дегенди билдирет. Эмне үчүн мурун 150 млн долларга бааланганды 386 млн доллар деп алып келип жатышат? “Симменс” деген ТЭЦ куруп жүргөн компания келип, арзанга куруп берели деп жатты, укпай коюшту”, – деди Кожобек Рыспаев

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: