Menu

30 жылдыкка карата ооганчыларга беш миң сомдон берилди

Бөлүшүү:

Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылганынын отуз жылдыгына карата Кыргызстандагы ар бир ооганчы ардагерге беш миң сомдон берилди. Бул үчүн мамлекет тарабынан 28 млн. сом бөлүнгөн.

Бул тууралуу 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына отуз жыл толгонуна карата салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Мамлекет башчы жыл өткөн сайын катары суюлуп бара жаткан ооганчы ардагерлерге мамлекет колунан келишинче материалдык жардам көрсөтүп келе жатканын кошумчалады.

Ооган согушуна катышкан ардагерлер учурда ай сайын алты миң сомдон пенсия алат. 2009-жылга чейин алар жылына бир жолу КМШ өлкөлөрүнүн ичинде учак, поезд жана автобусту акысыз пайдаланып, бир тараптан экинчи тарапка барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Жылына бир жолу 12 күнгө курорт-санаторийде акысыз дарыланышчу. Мамлекет тарабынан автоунаа, үй алганда да жеңилдиктер каралчу. 2009-жылы жүргүзүлгөн оптимизациянын натыйжасында бул жеңилдиктердин баары ай сайын 6 миң сомдон төлөнүүчү жөлөк пулга алмашкан.

Согушта жарадар болгондор жети миң сом пенсия алат. Ал эми согуштан кайтпай калган жоокерлердин жакындарына ай сайын миң сомдон пенсия каралган.

1979-89-жылдары Ооганстанда «интернационалдык кызмат өтөөгө» 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын ичинен 249 жоокер ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөө бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан миңге чукул ооганчы кайтыш болгон. Расмий маалыматтар боюнча, учурда алты миңге жетпеген ооганчы ардагер бар.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: