Кыргызстандын аймактарында эл аралык стандарттарга жооп бере турган, айыл чарба азыктарын сактоочу 11 логистикалык борбор иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов билдирди. Анын айтымында, бул кампалардын сыйымдуулугу кеминде 1500-2000 тоннага жетет. Министрликтин өкулү белгилегендей, мындай логистикалык борборлор келечекте 453 айыл өкмөттө бирден, болбосо жалпы Кыргызстанда 300-400гө чейин жетиши керек. Учурда сыйымдуулугу азыраак кампалар да бар.
Буга чейин Баткендин Кадамжай районунда, Чүйдүн Москва районунда, Нарындын Кочкор районунда жана Жалал-Абад шаарында ири логистикалык борборлор курулганы кабарланган. Кыргызстан 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулгандан кийин өлкөдө азык-түлүктөрдү, жашылча, мөмө жана кургатылган жемиштерди сактоочу логистикалык борборлор курулаары айтылган. Бул аралыкта негизинен жеке компаниялар өздөрү насыяалып, кампа салып жатышат.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ