Башын ар кайсы саясатчыга байлаган «7-канал» АКШнын «Голос Америки» жана «Азаттыктын» өзбек кызматынын көмөгү менен өзбек тилинде «Кабар» деп аталган жаңылыктар чыгарылышын баштады. Биз буга түшүнбөй турабыз, көмүскөдөгү түпкү максаты эмнеде? Өлкөдөгү өзбек тектүү жарандарды кимге каршы коюшу мүмкүн? Болбосо Өзбекстан менен чектешкен аймакта эки олчойгон ресурсту пайдаланып баштаганы бузукулук эмей эмне? Бийликтин аброюна көлөкө түшүрүп, эл арасындагы кадырын кемитүү үчүн кыргыз-өзбек мамилесине доо кетиргени жатышабы? «Эсиң барда этегиңди жап» деген сөз деген бар элибизде, эртерээк ойлонбойлубу.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ