Menu

Фото – Этникалык кыргыз Алмазбек Атамбаев менен Тайырбек Сарпашевди сотко берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-февралда Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыз Айдар Халиков  Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Тайырбек Сарпашовго каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу  KyrgyzToday маалымат агенттигине Айдар Халиков өзү билдирди.

Маалыматка караганда, Айдар Халиков  Кыргызстандын мамлекеттик паспортундагы улутту көрсөткөн графаны бийлик элден сурабай, референдум өткөрбөй туруп алып салгандыгы туура эмес деп эсептейт жана ага жана анын үй-бүлөсүнө келтирилген моралдык чыгым үчүн Алмазбек Атамбаев менен Тайырбек Сарпашовдон  6 миллион сом өндүрүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Эске салсак, паспорттогу улутту көрсөткөн графаны 2016-жылы Атамбаевдик режим учурунда алып салынган.

“Мен Халиков Айдар Өзбекистандан көчүп келген этникалык кыргыз, бүгүн экс-президент Атамбаевди жана ГРСтын мурдагы башчысы Сарпашовду сотко бердим. Улутубузду паспорттон алып салууну мыйзамсыз деп сот чечим чыгарышын жана мени үй-бүлөөмө жеткен моралдык зыянды 6 млн. сомго баалап, алардан ушул сумманы өндүрүп беришин суранып сотко кайрылдым”,- деп билдирди Айдар Халиков.

“Эркин Кыргызстан” саясый партиясынын төрагасынын орун басары, “Кырк чоро” коомдук бирикмесинин мүчөсү, этникалык кыргыз Айдар Халиков.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: