Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов менен алдыда өтүүчү калкты жана турак-жай фондун каттоо маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Анда 2020-жылы Кыргызстанда өтө турган калкты жана турак-жай фондун каттоого даярдык маселеси, республиканын каттоо системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жана милдеттер, айрыкча экономиканы өнүктүрүү бөлүгүн талапка ылайык келтирүү, ошондой эле статистикалык маалыматтарды таркатуунун актуалдуулугу талкууланды.  Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы калкты жана турак жай фондун каттоо — бул өлкөнүн аймагында жашаган бардык калктын социалдык, демографиялык жана экономикалык белгилери боюнча расмий эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

Каттоонун жыйынтыгы менен өлкөнүн жана аймактарды өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасын талдоого жана иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Президент алдыдагы калкты жана турак-жай фондун каттоону өлкөнү санариптештирүүнүн, электрондук форматка өтүү алкагында заманбап технологияларды колдонуу менен өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
«Улуттук статистика комитети маалыматтарды гана чогултпастан, аларды талдап, мамлекеттик түзүмдөргө талдоонун жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык багыттагы сунуштарды берүүсү керек. Бул практиканы кайра жандантып, улантуу зарыл», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары Президент калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча иш чаралардын календардык планынын аткарылышына, административдик аймактык чек араларды аныктоо, турак-жай карталарын жана республикалык эмгек классификаторун даярдалышына кызыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: