Menu

Видео – Милиция адам уурдоого жана сабоого шектелип, издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургунун кармашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери топтошуп алып ур-токмокко алуу аркылуу саламаттыкка атайылап оор залал келтирүүгө шектелип мамлекет аралык издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургунун кармашты. Резонанстуу кылмыш ишин иликтөөгө төрт жыл кетип дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
2015-жылдын декабрь айынын аягында болжол менен түнкү маалда Кочкор районунун айылдарынын биринен белгисиз адамдар бейбаштык кылышып, 36 жаштагы жергиликтүү тургундун саламаттыгына оор залал келтиришип, атайылап сабашкан. Кылмышкерлер жабырлануучуну үйүнөн сыртка чакырышып, автоунаага салышып, адамдар жок жайга алып кетишкен. Кийин аныкталгандай, жабырлануучуну айылдын жээгиндеги мүрзө тарапка алып барышып, шектүүлөр катуу ур-токмокко алышкан. Кылмышкерлер ар кандай жол менен кордошуп, денесине оор залал келтирип, темир буюм менен уруп буту-колун сындырышып, тиштерин аттиш менен суурушкан. Жабырлануучу алган көптөгөн жараттары менен аймактык медициналык мекемеге жаткырылган. Жогорудагы факты боюнча Кочкор РИИБи 2016-жылдын январь айынын башында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2, 3-бөлүмдөрү боюнча кылмыш ишин козгошуп, кийин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 2,3-бөлүмдөрүнө (эски кодекс менен) которулган.
Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө эки жаран кармалган: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Б.Т. жана Н.У.. Аталган факты Тергөө кызматы тарабынан ошол эле жылы өндүрүшкө алынган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 2-бөлүмү (Адамды уурдоо, алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен курал же курал катарында пайдаланган нерселерди колдонуу аркылуу), андан сыткары 104-беренесинин 1-бөлүмүнүн, 2-бөлүмүнүн 3,4,5,10 пунктары (Бейбаштык максатта алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган кыйноого жана азап-тозокко салган ыкма менен саламаттыкка атайылап залал келтирүү) айыбы угузулган. Жогорудагы кармалган жарандар узак убакытка эркинен ажыратылган. Кылмыштуу топтун катышуучуларынын бири изин жашырып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми Чүй облусунун Токмок шаарынын 1989-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу 2016-жылдын апрель айында эл аралык издөөгө алынган. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Жакында, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.А. аттуунун кайда жүргөндүгү такталган. 2019-жылдын 16-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн А.А. аттуу кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш ишине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.
Сотко чейинки иликтөө уланууда.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=8&v=nGS2Fd0HprM

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: