Menu

Видео – Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: “Энергетика системасында көп жылдан бери коррупциялык схемалар менен уюшкан, туруктуу мафия иштеп келатат, ал азыр да бар”

Бөлүшүү:

“Энергетика системасында көп жылдардан бери уюшкан мафия иштеп келатат. Бишкек ТЭЦи боюнча бүткөн биринчи иште күнөөкөрлөргө “өз милдеттерине кош көңүл мамиле кылуу”- “халатность” деген айып тагылыптыр, бул туура эмес, алардын баары коррупционерлер”,  – деп билдирди депутат Айнуру Алтыбаева 14-февралдагы парламенттин Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Чындыгында уюшкан, туруктуу коррупциялык схема иштеген. Ал азыр да бар: тендерлерди өткөрүүнүн, мамлекеттик сатып алуулардын эрежелерин бузуу деген бул ошол коррупциялык схема. Ошол эле көмүр сатып алуулар да коррупциялык схемалар менен ишке ашат. Мамлекеттик чоң энергетика ишканаларынын айланасында көптөгөн майда жеке менчик ишканалар айланчыктап иштешет.  Ошолор менен коррупциялык схемаларды ишке ашырышат. Ал схемалардын баарын жок кылыш керек. Былтыркы ТЭЦдеги авариядан кийин мен Генпрокуратура берген маалыматтарды эсептеп чыктым, азыр күнөөкөрлөрдүн камакка алынган мүлктөрү алар жасаган зыянды жапканга жетпейт. Калган акчалар кайда, каякка катышты, каякка которуп жиберип, жашырышты, кимдерге каттатып коюшту? Ал акчаларды издеш керек. Биздин шайлоочулар “карызды республикалык бюджеттен төлөбөйбүз, уурулардын конфискацияланган мүлктөрүнүн эсебинен төлөнсүн!” деп жатышат. Ошондуктан укук коргоо органдары уурдалган акчалар каякка катылбасын издеп табышы керек”, – деди депутат Айнуру Алтыбаева.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: