Menu

Казакстанда журналисттер митингге чыгышат

Бөлүшүү:

Казакстанда бир нече журналист ММКларды каттоо тартибине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы митингге чыгуу боюнча арыз беришти. Казакстан маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев нааразылык акциясы өтсө барып, өз пикирин ортого саларын айтты.

Чиновник журналисттерди аккредитациядан өткөрүү эрежелерине өзгөртүү киргизүүнү казакстандык ММКлардын башкы редакторлору суранганын белгиледи. Бирок алардын ысымдарын атаган жок.

Абаевдин айтымында, документ сынга алынгандыктан, “модератор регламентин” бузгандарды аккредитациядан ажыратуу тууралуу бөлүм жокко чыгарылыш мүмкүн.

«Журналисттер мамлекеттик органдар өткөргөн иш-чарага келишип, андан соң бир нече бөлмөлөрдү кыдырып чыгышат. Ички регламент болгон учурда мындай көрүнүштөргө жол берүүгө болбойт. Иш этикасы бар, биринчи суроо жөнөтүш керек, биз болсо жооп берүүгө милдеттүүбүз. Маселен, эгер сиз чиновникти коридордон жолуктурсаңыз, суроо берсеңиз болот, бирок иш бөлмөсүнө кирип баруу – туура эмес», – деди Абаев.

Абаев журналисттерди аккредитациядан өтөрүү эрежелери жөнүндө буйрукту өзгөртүү долбоору коомдук талкууга коюлганын, документ тараптардын пикирин эске алуу менен кабыл алынарын кошумчалады.

Казакстандык журналисттер өкмөттүн бул чечимин сынга алып, жаңы эрежелер жарандардын маалымат алуу укугун чектей турганын билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: