Menu

Депутат Тазабек Икрамовго сыйлык берүүнүн мыйзамдуулугу текшерилиши мүмкүн

Бөлүшүү:

Юрист Кайрат Осмоналиев депутат Тазабек Икрамовго “Билим берүүнүн мыктысы” сыйлыгынын ыйгарылышынын мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен Коопсуздук кеңешине арыз жазды.

Осмоналиевдин айтымында, наам ыйгаруу жөнүндөгү буйрук мыйзамсыз жана Икрамов тармактык комитеттин мүчөсү болгондуктан, тараптардын жеке кызыкчылыгы болушу ыктымал. Юрист бул жайдайга прокуратура укуктук жактан баа бериши керек деп эсептейт.

Билим берүү министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго “Билим берүүнүн мыктысы” сыйлыгын ыйгарды. Министрликтин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, тармактын бул даражалуу сыйлыгы депутатка “бир канча жыл бою балдардын жана жаштардын дене тарбиясына көңүл буруп келатканы үчүн” берилген.

“Билим берүүнүн мыктысы” – Билим берүү министрлигинин төш белги менен белгиленген даражалуу сыйлыгы. Министрликтин тармактык наамдарды ыйгаруу боюнча жобосуна ылайык ал 20 жылдык үзгүлтүксүз стажысы бар, билим берүүгө өзгөчө салым кошкон педагогго ыйгарылат.

Тазабек Икрамов 1998-2000-жылдары Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында окутуучу болуп иштеген. Тазабек Икрамов – коомчулукта талаш-тартыш жараткан бир катар чакырыктары менен белгилүү депутаттардын бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: