Menu

Стамбулда теракт жасоого шектелген Машарипов айыптоолорду четке кагууда

Бөлүшүү:

Стамбулдагы түнкү клубга кол салууга айыпталган Өзбекстан жараны Абдулкадыр Машарипов кылмышка тиешеси бар экенин четке кагууда.

Hurriyet гезити маалымдагандай, 18-февралда өткөн сот отурумунда Машарипов: “Мен бул кылмышты жасаган жокмун. Ал түнү колуна Калашников автоматын кармаган адам мен эмес болчумун” деген.

Өзбекстан жараны Абдулкадыр Машариповго каршы сот иши 2017-жылы декабрда Стамбулдагы Силиври түрмөсүндө башталган.

Машарипов теракттан 17 күн өткөн соң, Reina түнкү клубуна кол салууга шектүү киши катары кармалган.

Прокурорлор Абдулкадыр Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратууну сурашкан. Машариповдон тышкары түнкү клубга кол салууга тиешеси бар катары 57 киши айыпталып жатат. Алардын арасында Машариповдун жубайы Зарина Нуруллаева да бар.

2017-жылы 1-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы “Рейна” түнкү клубундагы кол салууда 39 киши өлүп, 70ке чукулу жарадар болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” өз мойнуна алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: