Menu

Ашхабадда азык-түлүк кымбаттады

Бөлүшүү:

Түркмөнстан борборунда азык-түлүк үчүн өкмөт белгилеген нарк өзгөрбөгөнү менен иш жүзүндө баалар кескин кымбаттады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, эт, балык, сүт азыктары жана мөмө-жемиштердин наркы жогорулады.

Учурда мамлекеттик түзүмдөр бекиткен баага ылайык, балыктын килосу 12 манат турат, бирок өлкө базарында ал 30-65 манатка чейин сатылууда.

Ашхабад бийлигинин көрсөтмөсү боюнча тандыр нандын баасы – 1 манат деп бекитилген. Бирок базарда 500 граммдык жөнөкөй токточтор 3 манат, сүткө жуурулгандары – 5 манат турат.

2018-жылы Түркмөнстанда тоок этинин баасы жогорулап, жумуртка тартыш болгон жана анын сатылышын полиция көзөмөлдөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: